AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эки балам бар экенин билип таштап кеткен жигитиме рахмат

Эки балам бар экенин билип таштап кеткен жигитиме рахмат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим. Жок, чүнчүтүп жиберишти. Баары артыман шыбырашат, сөз кылышат, бетиме келип айтышат, айтор, эч ким тынчтык бербеди. Байкасам, өз ата-энем дагы менден уялып жаткандай болду.

Чыдай албай калдым. Жашоо такыр болбой калды. Акыркы беш жыл балдар үчүн деп жашадым. Бул менин чоң катам болуптур. Убакытты уттургандан башка пайда таппадым. Оорукчан болуп калдым.

Күйөөмө ажырашалы деп айткан күнүм дале эсимде. Чынысын алып туруп дубалга ыргыта чапты. Кичүү балам чоочуп ыйлап кирди. Жердин баары сыныктар. Бакырып жатты. Талак бербей турганын айтты. Кайра азыр берерин, кете беришим керек экенин айтты. Эмнеге ажырашкым келгенин сурап да койбоду. Балдарды көрсөтпөй турганын айтып коркута баштады. Макул деп койдум. Эртеси үйдөн чыгып кеттим.

Апам суз тосуп алды. Жакшылап ойлонуп көр деди. Мен беш жыл мурун эле ойлонуп койгом. 

Андан бери бир топ жыл өттү. Иштеп, балдарымды окута баштадым. Атасынан кабар жок. Бул арада мага сөз айткан мырзалар пайда болду. Бирок, мен эмнегедир балдарым бар экенин айткандан уялат элем. Бул менин экинчи катам болду.

Бир мырза артыман сөз айтып, гүл берип, жакшы эле жүргөн. Менин дагы ага көңүлүм бар болчу. Анан балдарым бар экенин айтсам, «артыңда арабаң бар беле, аны өзүң эле тарт» десе болобу. Мен ошондо өзгөрдүм. Бирөө эле балдарыма жаман сөз айтып жатканын кара… Ордуна сөз менен жакшылап коюп койдум.

Эки балам менин командам. Мен мындан ары балдарым бар экенинен уялбайм. Алар эң жакын адамдарым. Мени чындап сүйгөн адам, балдарымды дагы сүйөт. Жок, мен турмушка чыкканга шашылбайм. Мен балдарым үчүн мыкты болом. Эч кимге сөз тийгиздирбейм. Бала деген бул сонун нерсе. 

Балаңарды бир кемчилик катары көрсөткөн мырзалардан алыс болгула. Алар силерди сүйбөйт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Суукка чыгардан мурун курсакты кампайтыңыз. Ызгаардан сактануу эрежелери

Суукка чыгардан мурун курсакты кампайтыңыз. Ызгаардан сактануу эрежелери

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.