AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эгер сизге бул 7 белги тааныш болсо

Эгер сизге бул 7 белги тааныш болсо, анда ойлору жаман адамсыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Психолог Мария Самсонова жашоого тоскоол болгон ой жүгүртүүлөр тууралуу айтып берди. Бул нерсени сөзсүз окуп, андан кийин оюңузду өзгөртүп көрүңүз.

Жашооңду өзгөртүүдөн мурун оюңду өзгөртүү керек экенин көпчүлүк укса керек. Бул туура кеп, анткени адамдын жүрүм-туруму, анын реакциясы, деги эле жашоосу ойлоруна жараша болот. Ар бир программада, жада калса мээбиз сыяктуу уникалдуу программада дагы, толук кандуу жашоого жана жаңы нерсени баштоого тоскоол болгон каталары болушу мүмкүн.

Ой жүгүртүү каталары – адамдардын чындыкты бурмалап кабыл алышына себеп боло турган иштебеген ой жүгүртүү моделдери.

Башкача, айталы, мурда жасап көрбөгөндөй кылып жооп берүүнү жана иш-аракет кылууну үйрөнүү үчүн адам дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүүсү керек.

Келгиле, эң кеңири тараган туура эмес ой жүгүртүүлөрдү карап көрөлү.

Кырсык же терс божомолдор

Катастрофага жакын адамдар коркунучтуу нерсени күтүү менен жашашат. Тактап айтканда алар эң коркунучтуу кесепеттерди күтүшөт, башка варианттар болушун такыр ойлошпойт дагы. Мисалы: «Мен бул экзаменден өтпөйм, диплом ала албайм жана жашоомдо нормалдуу жумушка орношо албайм» же «Жигитим телефонго жооп бербейт. Ал башкасын таап алган болушу керек жана жакында мени таштап кетет. Жалгыз калам, андан бетер шерик таппайм».

Ойду окуу

Адам башкалардын эмне деп ойлой турганын так билем деп ойлойт, алар менен өзү алар тууралуу кандай ойлосо, ошого жараша мамиле курат жана башка мүмкүн болгон варианттарды кабыл алуудан баш тартат: “Шеф менин долбоорум кандай жүрүп жатканын сурады, демек, ал мени бул жумушту кыла албайт деп, мени таптакыр келесоо ойлойт».

Жалпылоо

Адам белгилүү бир жагдайдан улам, баары ошондой деген терс корутундуларды жасайт. Мисалы: «Менин курбу кызымдын күйөөсү ала жипти аттаган, демек эркектердин баары ошондой» же «Мен жаңылыктардан учак кулап түшкөнүн уктум. Учуу коркунучтуу».

Ак-кара ой жүгүртүү

Адам эки категорияда ойлонот: же кара, же ак (жаман / жакшы, сонун / коркунучтуу), ортодо башка варианттар болушу мүмкүн экенине көңүл бурбайт. Мисалы: «Эгер мен бул тапшырманы кынтыксыз аткара албасам, анда такыр баштабай койгонум жакшы» же «Эгер мен бардык нерседе ийгиликке жетпесем, анда мен ийгиликсизмин».

Персоналдаштыруу

Адам башка факторлор таасир этиши мүмкүн деген варианттарды эске албай, өзүн адамдардын ар кандай терс жүрүм-турумунун себеби деп эсептейт. Мисалы: «Аялым бүгүн унчукпай калды. Мен туура эмес бир нерсе кылдым окшойт, анын маанайын буздум».

Милдеткер болуу

Адамда башкалар же өзү кандай болушу керектиги жөнүндө так (бекем) ишенимдери бар. Эгерде анын күтүүлөрү акталбаса, анда ал муну толук ийгиликсиздик катары кабыл алат: «Ал мени бардык жагынан колдоп, менин көз карашымды бөлүшүшү керек, антпесе бул мамиле курбайм».

Позитивди жокко чыгаруу

Адам жетишкендиктерине ыраазы болбой, позитивдүү тажрыйбанын баркын кетирет. Мисалы: «Мен бул жумушка ээ болдум, анткени мага жөн эле ийгилик жумшалды» же «Чынында мен эч нерсе билбейм, айланадагылар мени акылдуу деп жаңылышат».

Маалымат Kaktus.media сайтынан алынды. 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Эгер бул 5 суроону берсеңиз

Эгер бул 5 суроону берсеңиз, анда маданиятсыз адамга айланасыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.