AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эгер бул 5 суроону берсеңиз

Эгер бул 5 суроону берсеңиз, анда маданиятсыз адамга айланасыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бой жетип калган кыздарга жана турмушка чыккан келиндерге өтө көп суроолор берилет. Өзгөчө жеке жашоосуна тиешелүү. Албетте адамдар суроолорду жаман ою менен эмес, жардам же кеңеш бергиси келип сурап жаткандыр. Бирок сиз суроо узатып жаткан адамдын сезимдерин да эске алып коюңуз. Bilesinbi.kg маданиятсыздыкка кире турган 5 суроону чогултту.

“Качан күйөөгө тиесиң?”

Бул маданиятсыз суроолордун лидери. Аны жакын тууган-туушкан, жоро жолдошторуң дагы, тиешеси жок дагы бере берет. Эмнегедир биздин коомдо 25 жашка чейин турмушка чыккан кыз ийгиликтүү, жашоосундагы башкы максатына жетти, деп кабыл алынат. Эгер ал күйөөгө тие элек экенин айтса, анын артынан дагы бир орунсуз суроо узатылат.

“Жигитиң барбы?”

Кандай гана жооп бербесин сценарий бирдей. Артынан, дагы толтура суроолор бериле баштайт. Эгер жигитим жок деп жооп берилсе: акыл үйрөтүү, кеңеш айтуу, андан кийин сөзсүз инструкция берүү кандай кылыш керек, кандай кийиниш керек, кантип күйөө издеш керек. Же болбосо бир нече тааныштар, тааныштардын балдары, инилери, байкелери, кудалары…менен тааныштырып кою сунушу. “Ооба бар” — деп жооп берилсе, анда аты ким, кайда иштейт, машинасы, үйү барбы, кайсы жерлик, ата-энеси ким…Мындайча айтканда кыздын ийгилиги анын жеке жетишкендиктери менен эмес, канчалык деңгээлде жигити ийгиликтүү ошону менен өлчөнөт.

“Качан төрөйүн деп жатасың?” 

Бул суроо турмушка чыккан да чыга элек да, төрөгөн да төрөй элек да аялдарга берилет. Бирок мындай кызыгуу артуу адамга катуу тийиши мүмкүн, деп ойлонуп көрдүңөр беле? Силер анын эмне себептен балалуу болбой жүргөнүн билбейсиңер да, туурабы? Балким, материалдык жактан шартыжок, балким, башка пландары бар, балким, ден соолугуна байланыштуу көптөн бери балалуу боло албай жүрөт. Бул тууралуу туш келди кишиш менен сүйлөшө бергиң келбейт. “Жашың өтүп баратат, убактың аз калды”, деген далилдер да такыр эле орунсуз экенин жакшы түшүнүп жатсаңар керек.

“Эмне мынча арыктап кеткенсиң/толуп кеткенсиң?”

Эгер аял өзү сизден сурабаса, мындай суроону берүүнүн зарылчылыгы жок. Арык же толук экенин сиз айтпасаңар деле, сурабасаңар деле өзү жакшы билет. Балким, ашыкча салмагы менен күрөшүп, айласы кетип жаткандыр? Же толо албай, кыйналып жүргөндүр? “Эмне мынча арыксың, тамак ичесиңби деги?”, “Шамал үйлөсө учуруп кетет го” – деген тамашалар аябай күлкүлүү деген ойдо болсоңуз, терең жаңылышасыз.

“Айлыгың канча?” 

Башка бирөөнүн айлыгына кимдин кандай тиешеси бар? Акча маселеси жеке темалардын бири. Сизден акча сурап, материалдык жактан көз каранды эмеспи, сизге бересеси жокпу, демек, мындай суроо узатканга эч кандай акыңар жок.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Кыргызстандагы официанттар үчүн бош жумуш орундары

Кыргызстандагы официанттар үчүн бош жумуш орундары

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.