Кыргызстандын кесипкөй жаштары Edumentor — деп аталган ментордук долбоорун тартуулашат. Программанын максаты жогорку класстын окуучуларын жеке жана кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
Долбоор окуучулар менен жаш кесипкөйлөрдү байланыштырган «one-to-one» башкы ментордук программасынын алкагынла өтөт. Анда окуучулар менен жаш кесипкөйлөр өнүгүү планын бирге түзүп чыгышат. Долбоордун жүрүшүндө менторлор катышуучулардын лидердик сапатын, сынчыл ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам беришет. Ошондой эле өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Менторлукка тажрыйбасы бар, ийгиликтүү, активдүү жаштар чакырылат. Иш-чара онлайн жана оффлайн жүрөт.
⠀
Катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышат:
— менторлор менен окуу жыл бүткөнчө иш алып бара алышат
— soft skills’ти өнүктүрөт
— ийгиликтүү адамдар менен таанышып, чөйрөсүн кеңейтет
— эл аралык жана дүйнөлүк окуу жайларга тапшырууга тажрыйба топтойт
— мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
⠀
“Биз улуу менторлордун тажрыйба жана билимин алып, өсүп келе жаткан муунга үйрөтүшүбүз керек деп эсептейбиз. Жаш, кесипкөй лидерлерди бириктирип, катышуучулардын мектеп курагы пайдалуу өтүшүнө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
Долбоорго Кыргызстан боюнча 10-11- класттын демилгелүү, өзү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачкысы келген окуучулары катыша алышат. Биринчи турга уюштуруучулар 40 катышуучуну тандап алышат. Катышуу үчүн анкетаны толтуруу керек.
Ушул шилтеме аркылуу өтүп анкетаны толтуруңуз —
https://forms.gle/yxiiz4pbKquzpFmk8
Билдирүүлөрдү кабыл алуунун дедлайны – 20-ноябрь, 24:00го чейин.
Тандалган катышуучулардын атын-жөнү 27-ноябрда жарыяланат.
Менторлор менен иш алып баруу 2-декабрда башталат.
Уюштуруучулардын байланыш телефону: 996 703 70 7270,
Социалдык тармактардан да бизди тапсаңыз болот: Instagram/FB — @edumentor.kg







