AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эч жерде каттоосу жоктор кантип паспорт алат? Паспорт боюнча суроо-жооптор

Эч жерде каттоосу жоктор кантип паспорт алат? Паспорт боюнча суроо-жооптор

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси Азимбаева Дамира түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын паспортко тиешелүү суроолоруна жооп берди.

Паспорт алуу үчүн кандай документтерди чогултуу керек?

2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алуу үчүн жарандар 16-жаштан баштап кайрылат. Керектүү документтер:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин бирөөсүнүн (экинчиси жок болгондо) паспорттору.

КРнын ички миграция жөнүндө мыйзамына ылайык, 16 жашка чыккан жаран паспорт алардан мурун милдеттүү түрдө туруктуу жашаган жеринен каттоого алынышы керек. Каттоо жүргүзүүдө аскерге милдеттүү жарандар аскердик бөлүмдөн аскердик каттоосу боюнча маалымкат алып келет.

Ошондой эле, ар бир 16 жашка чыккан жаран өзүнүн биометрикалык маалыматын тапшыруусу зарыл. Бул үчүн атайын өзүнчө кайрылуунун кереги жок, документтерин алып келгенде дароо тапшырып коет.  

Эч жерде каттоосу жок жаран кантип паспорт алса болот?

Туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.

Каттоонун жыйынтыгында туруктуу жашаган жери жок жарандарга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырыш үчүн маалымкат берилет.

Ата-энесинин бирөөсү дайынсыз болсо, кантип паспорт алса болот?

16га чыга элек баланын атасынын же энесинин бирөөсү жөнүндө эч кандай маалымат жок болсо, анда соттун күчүнө кирген чечимин талап кылабыз. Ошондон кийин документтештирүүдө атасынын же энесинин уруксаты керек болбой калат.

Паспорт канча күндө даяр болот?

2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карта – 12 жумуш күнүндө, жалпы жарандык паспорт (загран) – 18 жумуш күнүндө даяр болот. Эгер жаранга паспорт шашылыш керек болуп калса – 3 саат, 2 күн, 4 күн жана 8 күндүн ичинде жасатып алса болот. Бул учурда төлөм каражаттары бир аз башкача болот.

Паспортту жоготуп алса эмне кылуу керек?

2017-жылдын үлгүсүндөгү жаңы биометрикалык паспортун жоготуп алып кайрылган жарандардан эч кандай кошумча документ талап кылбай, жеке арызынын негизинде гана кабыл алабыз. 2017-жылга жылга чейинки паспорт болсо, туулгандыгы жана никеси тууралуу күбөлүктү сурайбыз. Ошондой эле көчүрмөсү сакталып калса жакшы болот. Эң негизгиси сөзсүз түрдө каттоосу болушу керек.

Каттоосу айылда болгондор шаардан паспорт алалабы?

2015-жылдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзгөн. Бул реестрди тутумдардын комплекси деп айтсак болот. Ал жерде жарандардын катталган жери боюнча маалыматтары дарек маалымат бюросунда топтолот. Эгер ушул бюродо жарандын маалыматы болсо, каалаган жериндеги калкты тейлөө борборлоруна кайрылып документ алалат.

Паспортту өкүлдөрү аркылуу алса болобу же сөзсүз өзү барышы керекпи?

Тилекке каршы, жарандарга мындай мүмкүнчүлүк берилген эмес. Анткени, паспорттоштурууда биз биометрикалык маалыматын алышыбыз керек. Ошол эле учурда, сүрөткө түшүшү зарыл. Эгер жаран паспорт алууда талап кылынган документтерди тапшырып коюп, жөн гана даяр болгон паспортун алып кетүү үчүн нотарилдык жактан күбөлөндүргөн ишеним кат менен өкүлүн жөнөтсө болот.

Базада жок болсо кантип паспорт алса болот?

Базадан чыкпай калды деген бул жалпы түшүнүк. Алгач кайсы базадан чыкпай жатат тактоо керек. Эгер Мамлекеттик каттоо кызматынын дарек маалымат бюросу болсо, анда жаран өзүнүн туруктуу жашаган жеринен каттоодон гана өтүшү керек. Андан тышкары, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ЖААК базасында жок болушу мүмкүн. Себеби, 2015-жылга чейин бизде бирдиктүү система жок болчу, маалыматтардын баары кагаз жүзүндө эле.  Бул учурда жаран калкты тейлөө борборуна өздүк арызы менен кайрылат. Анан биз кагаздагы маалыматты санариптештирип базага киргизип беребиз.  

Мөөнөтү өтүп кеткен паспортту алмаштырбай жүрө берсең эмне болот?

Паспорт мөөнөтүнүн бүтүшү менен юридикалык күчүн жоготот. Демек, жаран мөөнөтү бүткөн паспорт менен ар кандай кызматтарды пайдалана албай калат.

ЗАГС алгандан кийин паспорттогу никеси бар деген жерди алмаштыруу керекпи?

2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортто электрондук чип бар. Ошол паспорттордун ээлери никеге турганда, кайрадан паспорт алуу зарылдыгы жокко чыгарылган. Болгону алар никеге турганда чиптеги маалыматтарды өзгөртүп коебуз. Эгер паспорттору эски үлгүдө болсо, анда алмаштырып алуулары керек.   

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

Биринчи сүйүүм мендей таппаганын айтып ыйлайт. Алгачкы сүйүү жөнүндө окуялар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.