AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эч ким көз артпаса

Эч ким көз артпаса, анда жашооңуз кызыксыз! Хейтерлерге жооп берүү тууралуу

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам, достор! Бүгүн бизде сонун маалымат. Өлкөбүздөгү эң белгилүү жана суроо талапка ээ болгон коммуникация боюнча эксперт Гульнура Торалиева, хейтерлерге кантип жооп берсе болорун айтып берди. Сөзсүз сактап алыңыз. Мындай маалыматтар чанда кездешет.

— Эгер сиз жана блогуңуз хейт жаратып жатса, анда экөөңөр тең кызыктуусуңар! Бул сонун нерсе, куттуктайм! Аракет кыла бериңиз, сиз туура багытта баратасыз.

— Хейтерлер — жашоосунда жыргатарлык эч нерсеси жок адамдар экенин билиңиз. Бактылуу жашагандар негизсиз агрессияга, көрө албастыкка жакындабайт. Алар дүйнөнү позитивдүү көз караш менен карашат. Хейтерлерге боор ооругандан башка арга жок.

— Хейтти критикадан ажырата билүү зарыл. Жеке чектен өтүп кетпеген критика ишти, продуктуну, кызматты жакшыртууга жардам берет. Сын айтып жаткан адамдан сиздин ордуңузда болгондо кантип башкача кылмак, эмнени оңдомок экенин сурасаңыз болот. Критика эмоционалдуу эмес. Ал эми хейтти талкуулоонун эч кандай пайдасы жок. Ага көңүл бурбаңыз, өчүрүңүз, унутуңуз, же «охват» менен талкууларды көбөйтүү үчүн калтырып коюңуз. Кааласаңыз позитивдүү комментарий, юмор менен жооп бериңиз. Адатта, мен «жүрөктөрдү» жөнөтөм.

— Хейтерлер келечек контентке идея топтоо үчүн пайдалуу. Хейтти мазактоо — эң кызыктуу контент. Позитивдүүлүк жана юмор менен жооп бериңиз. Бул аракет алардын көңүлүн түшүрүп, жаңы аудиторияны тартат.

— Хейтерлер (арасында кесиптештер, тааныштар, атаандаштар, достор, туугандар да бар) эмоциялар менен азыктанышат. Андыктан аларга тамак бербеңиз. Эгер позвитив же игнор менен жооп бере албасаңыз, анда жөн гана комментарийлерди же сизге каршы багытталган билдирүүнүн эскертмелерин өчүрүңүз. Эң тажатмаларын болсо блокко салып таштаңыз.

— Өзүнө ишенген адамдар хейтти оңой эле көтөрүшөт, мисалы, мен алар менен чындап эле көңүл ачам (күлүп). Андыктан, өзүңүздүн бааңыздын үстүнөн  иштеңиз, өзүңүздү өнүктүрүңүз, «крутой» эксперт, кыйын адис, мындан да сулуу, мындан да бактылуу болуңуз. Өздүк бааны психологдун, коучтун жардамы менен иштеп чыкса болот.

— Хейтти өз кызыкчылыгыңа колдонуу эң сонун нерсе. Аны башкарганды билсеңиз, анда бийик деңгээлге чыгасыз. Хейтердин агрессиясын, көрө албастыгын же келесоолугун билим, юмор менен көрсөтүү — эң жогорку пилотаж.

— Акыл үйрөтпөңүз, хейтерлер менен диалогго барбаңыз. Алардын максаты сизди тең салмактуулуктан чыгаруу. Эсиңизде болсун, хейт — бул моюнга алуу. Эгер сизге эч ким көз артпаса, анда жашооңуз кызыксыз. Жыргап, бактылуу болуп, сонун жашаңыз, ошондо хейтерлердин ким экенине деле маани бербейсиз!

А сиз хейтерлерге кантип жооп бересиз?

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Жигитимди “бабник” деп ойлойм. Андан кантип кол үзсөм болот?

Жигитимди “бабник” деп ойлойм. Андан кантип кол үзсөм болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.