Салам достор! ilogos_studio студиясынын негиздөөчүсү, саякатчы жана блогер Ооматбек Абдыкаров ютуб каналыбыздагы «10 кызыктай суроо» рубрикабызда конокто болуп кетти. Маектин урунтуу учурларын төмөндөн окуй аласыз.
— Азыр бардык нерсе бат өнүгүүдө. Күн сайын жаңы нерселер чыгууда. Ошондуктан, изденгенди токтотпогула.
— Эч качан бирөөнү туурабагыла. Өз стилиңерди таап чыккыла.
— Баары аракеттен болот. Сүрөт тартканды билбегендер дагы графикалык дизайнер боло алат. Кыла албайм деп кабатыр болбостон, үйрөнө бериш керек.
— Наушникти кулагыма салып, жакшы музыка угуп шаар көчөлөрүндө же табигат койнунда сейилдегенди жактырам. Бул нерсе мага жаңы идеяларды берет, креативдүүлүктү өстүрөт.
— Эмгегиңерди баалаганды үйрөнгүлө. Деңгээлиңерди көтөргүлө.
— Бир орунда тура берсеңер өспөйсүңөр, алдыга кадам таштагыла.
— Каталарыңарды моюнга алганды билгиле. Мисалы, кээде менде деле баары идеалдуу болбой калат, көп убакыт короткон долбоорум туура эмес болуп калышы мүмкүн. Бул учурда кайрадан баштагандан коркпош керек.
— Ар бир баштаган иштин аягына чыккыла!
Жүрөкчө басканды унутпагыла!







