“Бай Түшүм” Банкы кардарлары үчүн заманбап жана ыңгайлуу кызматты ишке киргизди. Мындан кийин банкка барып кезек күтүп отурбай, Earlyone мобилдик тиркемеси аркылуу ордуңузду алдын ала брондоп, убактыңызды үнөмдөй аласыз.
Earlyone мобилдик тиркемеси мүмкүндүк берет:
- үйдө отуруп алып эле, өзүңүзгө ыңгайлуу күндү, саатты тандап, кезекке орун алып коюуга;
- кезегиңиз келээрине 30 мүнөт калганда, эскертүү алганга.
Earlyone аркылуу кезекти брондоо үчүн, смартфонуңузга тиркемени жүктөп, “Бай Түшүм” Банкын тандап, бара турган күнүңүздү жана саатыңызды белгилеп, билет алып коесуз. Бүттү, белгиленген убакытта банктын филиалына бара бересиз.
Google Play: бул жерден жүктөп алууга болот.
App Store: бул жерден жүктөп алууга болот.







