AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Дыйкандар үчүн Айыл чарба министрлигинин сайтында эмне бар? Анализ

Дыйкандар үчүн Айыл чарба министрлигинин сайтында эмне бар? Анализ

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Маалымат алуу мүмкүнчүлүгү боюнча долбоордун алкагында Kaktus.media  мамлекеттик органдардын 20 сайтына анализ жүргүзүүнү чечти. Интернетке кирип Айыл чарба министрлигин издегенде, agroprod.kg сайты чыгат, тилекке каршы, ал  иштебейт.

Бирок, agro.gov.kg деген — Айыл чарба министрлигинин расмий сайты бар. Бирок бул сайт азырынча Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги болуп өзгөрүлө элек.

Колдонуучуларга эмне керек?

  • Балык өстүрүү айыл чарба ишмердүүлүгүнө киреби? Айыл чарба ишмердүүлүгүнө байланыштуу баардык нерселердин тизмеси.
  • Агрардык университеттин бүтүрүүчүлөрү үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү.
  • Жеңилдетилген программалар, дыйкандар үчүн гранттар, төмөнкү пайыздар менен кантип насыя алууга болот.
  • Стандарттарга жооп берген үрөндөрдү кайдан тапса болот. Ал эми үрөндөрдүн сапатын көзөмөлдөө кандай жүрүп жатат?
  • Айыл чарба продукцияларынын бааларына жана божомолдоруна болгон мониторинг.
  • Экспорттук мүмкүнчүлүктөр: ар кайсы өлкөлөр, корпорациялар менен болгон келишимдердин өзгөчөлүктөрү, стандарттар.
  • Ар кандай аймактарда кандай продукциялар өстүрүлөт жана алардын көлөмү.
  • Министрликтин түзүмү жана ачык бюджет.
  • Сорттордун жана гибриддердин электрондук реестри.
  • Колдонууга уруксат берилген пестициддердин каталогу.

Сайтта эмне бар?

Министрлик жөнүндө бөлүмдөн министрдин жана анын орун басарларынын өмүр баяны менен таанышууга болот, ошондой эле бөлүмдүн түзүмүн көрүү мүмкүн. Эгерде департаменттин аталышын бассаң, анда аны менен байланышкан документтерге: отчетторго, мыйзамдарга, дыйкандар үчүн маалымат материалдарына өтөсүң, аларды жүктөөгө болот. Бирок бөлүмдөрү бар бөлүм бош.

Ченемдик укуктук актыларды дагы жүктөп алууга болот. Бирок тармактары бар бөлүм таптакыр жараксыз. Ал жерде 2019-жылдын отчеттору гана бар, дыйкандар үчүн пайдалуу эч нерсе жок.

Негизги менюда БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен түзүлгөн- «Тундук» жана «Азык-түлүк коопсуздугунун Атласы» ресурстарына шилтемелер бар.

Кыргызстанда жүз миңдеген аграрийлер бар экендигин жана алардын тиешелүү бөлүмгө суроолору болушу мүмкүндүгүн эске алганда, сайтта байланыш номерлеринин саны жетишсиз. Болгону дароо чалып байланыша албаган ведомстволордун башчылар көрсөтүлгөн. 

Ошондой эле, башкы беттеги сол тилкеде 2019-жылдан бери жаңыртылбаган, басылбаган жана жөн эле пайдасыз маалымат жайгаштырылган бөлүмчөлөр бар.

Сайттын калган бөлүгүн жаңылыктар ээлейт, алардын көпчүлүгүн дыйкандар дээрлик окушпайт. 

Сайтка эмне жетишпейт?

Айыл чарба министрлигинин сайты Кыргызстандагы бардык мамлекеттик сайттардын ичинен эң пайдасыз деп айтсак болот. Көп бөлүмдөрү бир жылдан бери жаңыланган эмес, андагы маалыматтар актуалдуу эмес. Бөлүмдөрдүн көбүндө Word же PDF документтерине гана шилтеме бар.

Дыйкандар үчүн көргөзмөлөр, иш-чаралардын графиктери жана аларды кызыктырган суроолорго жооптор болушу керек. 

Келерки жылы кандай продукт суроо-талапка ээ болору жөнүндө аналитикалык маалыматтар зарыл. Ири өнүмдөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун байланыштары бар бөлүм керек. Ошондой эле, жерди кайдан жана кантип сатып алса болору жөнүндө акыркы маалыматтар дагы керек.

Ушундай эле бөлүм ишкерлер үчүн дагы зарыл:  акынкы келечекте кайсы продукт актуалдуу болоору, продукцияны сертификациялоо жана кайра иштетүү үчүн кандай уруксат документтери керек, товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге экспорттоо ченемдери.

Активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар үчүн заманбап статистиканы камтыган бөлүм керек: азык-түлүктүн канчасы өстүрүлдү, канчасы сатылды, экспорттолду ж.б. ММКлар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кайрыла турган адамдардын контакттары керек. Ошондой эле, бардык статистиканы машинада окула турган түрдө жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү болсо жакшы болмок.

IT адисинен кошумча сунуштар

Сайттагы жаңылыктар календарынын ордуна көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин кулактандырууларын жайгаштыра турган иш-чаралардын графигин түзсө болот.

Логикалык жактан алганда, Айыл чарба министрлиги дыйкандар үчүн иштейт, ошондуктан бул максаттуу аудитория үчүн өзүнчө бөлүм болушу керек, мисалы, «Фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр». Ал жерде өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрү боюнча божомолдорду камтыган маалыматтарды жайгаштырып, суроо-талаптын динамикасын даярдап жана дыйкандарга чыгым болуп калбоого мүмкүндүк берген маалыматтарды берсе болот.

Ошол эле жерге Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге өнүмдөрдү экспорттоого уруксат берүүчү документтер жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу керек.

Фермерлер жеткирүүчүлөрдү жана дистрибьюторлорду издегендиктен, сайтта «Фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр» бөлүмүнө атайын таблица түзүп, ал жерде байланыш жолдорун жайгаштырса болот. Айыл чарба жумушчулары ведомстводон жок дегенде ушуну күтүшөт.

«Фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр» бөлүмүнөн дагы өзүнчө бөлүм ачып, аны жер тилкелерин сатып алуу / ижарага берүү маселесине арнап, сайт менен байланышкан укуктук маселелерди кантип чечүү керектиги жөнүндө эскерүү жазуу керек.

Мамлекеттик кызматкерлер, экономисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, эл аралык уюмдар сыяктуу максаттуу аудиториянын категориясы үчүн ар бир өсүмдүк, анын канчалык деңгээлде өстүрүлгөндүгү жана сатылганы жөнүндө маалыматтарды камтыган пландар, отчеттор жана статистикалык маалыматтарды камтыган өзүнчө бөлүм түзгөн оң. 

Айыл чарба министрлигинин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү. Кыргызстанда иштебеген конвенция жөнүндө

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү. Кыргызстанда иштебеген конвенция жөнүндө

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.