AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Дүкөндө пол жууп жаткан кызымды көрүп

Дүкөндө пол жууп жаткан кызымды көрүп, оорумду мойнума алдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөө баланын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бойтойгон колдору. Кир тряпка. Бозоргон. Алы жок. Болгон күчү менен сыгып, капкара полду жууп жатат. 

— Байке! Аласызбы же жокпу?

Колумдагы бөтөлкөнү кассага таштап туруп чыгып кеттим. Сыртта кызымды күтүп отурдум. Кеч чыкты. Колунда макарон бар экен.

— Айтуш?

— Ата…

— Кызым токтосоң… Кызым качпачы… Кызыыым…

Качып кетти. Спирт жыттанган атасынан качып кетти. Туура кылат. Качып кетти. Мен аларды таштап качып кеткениме быйыл туура эки жыл болду. ошондо кызым жетинчи класс, жок, сегизинчи. Карасаңар, унутуп да калыпмын.

Өз балаңдын иштеп жүргөнүн көрүү кыйын экен. Балалыгын байлап койгонума өкүндүм. Үч күндөн бери уйку жок. Көз алдымда боппоз кызымдын пол жууп жүргөнү келет. Анан кантсин байкуш, апасына бир аз жардам болсун дегени го.

— Жоки го? 

— Апей, булар эмне жараштыбы?

— Ай жок ай, кыязы бөтөлкөсүнө акча таппай үйүнө келе жатса керек.

Мени көргөн кошуналар шыбырашып калды. 

— Сен? эмне келдиң?

— Балдарды сагындым.

— Эмиби? Чыгып кетчи?

— Бир жолу көрүп алайынчы. Суранам, Дамира, кубалабачы. 

— Жүрөктөрүн түшүрөсүң. Сенсиз деле жашообуз өтүп жатат. 

— Жашооңор жакшы болсо, эмнеге Бөтөй пол жууп жүрөт. 

— Менин тапканым балаңдын дарысына кетет. Сага караганда кызың акылдуу. Сабактан кийин иштеп калат. Чыгып кетчи. 

— Жок дегенде, бул куурчакты Бөтөйгө берип койчу, суранам, Дамира. 

Колумдагы куурчакты жулкуп алды дагы, эшикти тарс жапты. Сумсайып кала бердим.

Ичкич экенимди мойнума алдым. Мурда аялымдын айтканын укпай, так секирет элем. Бул ирет бейтапканага өзүм басып бардым. Дарыгерге ыйладым. Мени дарылагыла деп ыйладым. «Мойнуңа алыпсың, демек сакайуу бат болот» деди. Сүйүндүм. Аялыма жаздым. Бейтапканага жатканымды жаздым. Окуду. Жооп бербеди.

Күз келди. Мен жаңы жашоого чыктым. Азыр базарда дүкөндө күзөтчү болуп иштейм. Дагы эле аялымдын көңүлүн таба албай келем. Балдарымды сагындым. Баса, кечээ кызымды алыстан көрдүм. Сумкасынан баягы алып барган куурчактын чачын көрдүм. Демек, үмүт бар экен. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайбы? Трихолог жооп берет

Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайбы? Трихолог жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.