AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
«Дүйнөнү тазарталы!»: миңдеген кыргызстандыктар өлкөнү таштандылардан тазалайт

«Дүйнөнү тазарталы!»: миңдеген кыргызстандыктар өлкөнү таштандылардан тазалайт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 5 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Дүйнөнү тазарталы!» лозунгу менен миңдеген кыргызстандыктар өлкөнү таштандылардан тазалайт.

15-сентябрда Кыргызстан боюнча өлкөнү коомдук пайдалануудагы жерлерди, жаратылыш парктарын, көлмөлөрдү, токойлорду ж.б. табигый таштандылардан тазалоо боюнча акция болуп өтөт. Бардык областтардан миңдеген жарандар ишембиликке чыгышат жана айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошушат.

Акция Дүйнөлүк Тазалык Күнүнө карата өткөрүлүүдө, ага “Дүйнөнү тазарталы!” лозунгу менен дүйнөнүн 150 өлкөсү кошулду.

Кыргызстанда өлкөнүн расмий өнөктөшү катары “Эко Деми” Коомдук фонду чыгууда. Кампанияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Өкмөтүнүн Аппараты, коомдук уюмдар жана бизнес өкүлдөрү колдоодо. Акциянын катышуучулары жана өнөктөштөрү төмөнкү уюмдар: Enactus, ФРМИ, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, ошондой эле Prego Club, Talisman Village, Club hotel Dostuk, « Шарбон» АК, St. art Ltd, Beeline, Papa Johns, Horeca Club.

«Дүйнөлүк тазалык күнү» акциясы өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экологиялык абалга көңүлдү бурат. Айлана-чөйрөнүн булгануусуна байланыштуу көйгөй миллиондогон адамдардын өмүрүн алууда жана демилгечилер жарандарды акцияга гана кошулбастан, ошондой эле коомдук жерлерде тазалыкты дайыма сактоо жөнүндө ойлонууга, ресурстарды жөндүү пайдаланууга жана таштандыларды туура иштетүүгө чакырат.

«Биз, тазалоочу адамдар, бул кызматтарды пайдалануучу адамдар деп бөлүнгөндү токтотуп, өз көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек, анткени биз баардыгыбыз бир өлкөдө, бир планетада жашайбыз жана ар бирибиз ал үчүн жооптуубуз. Биз бирге таза өлкөдө жашоо үчүн өз салымыбызды кошолу. Бул ар бирибизден көз каранды», — деди акциянын демилгечиси жана “Эко Деми” Коомдук фондунун төрайымы Айжан Чыныбаева.

Демилгечилер бардык жарандарды Кыргызстандын: Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен жана Жалал-Абад областтарында 15-сентябрда өтүүчү ишембиликке катышууга чакырат.

Иш-чараларга катышуу үчүн социалдык медиадагы топторго кошулсаңыздар болот (@PFecodemi) жана whatsappдагы топторго (№3 тиркемедеги), ошондой эле акциянын координаторлору менен байланышсаңыз болот: Дмитрий Андреев +996 (555) 906 556, Данияр +996 (553) 5 32526 Чыңгыз +996 (500) 015050.

Бишкек шаарында тазалоо үчүн катышуучулардын тизмеси

Биринчи май району

1.

Көлмө ж/к

2 чекит

2

ЧЧК жээги (ЧЧКга чейин жана андан кийин)

2 чекит

3

Аскер шаарчасы

У.Сыдыгалиев + Профсоюзная + Лумумба көчөлөрү

4

Достук кичи району

Короолордун ичтери

5

Школа-интернат

Рыскулов көч.  өзөн жээги, №19 орто мектепке чейин

6

Аска-Таш

Инсталляциянын артындагы талаа

7

Муромская көч. Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин

Селекция айылын көздөй, жол жээги жана күн батыш тараптагы бакча (4-шаардык дарыкана)

8

Дагестанская көчөсү Айни көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин жанында, 4-шаардык дарыкана району, №203 марштруттун акыркы аялдамасы

9

Ипподром

Термечиков көчөсүнүн ичи

10

Леваневский көчөсү Л.Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин

№103 маршруттун акыркы аялдамасы

11

Манас көчөсүнөн Тимирязев көчөсүнө чейин

Л.Толстой Линейная көчөлөрүнүн ортосу, жылуулук трассасынын асты (багыт: темир жол, түндүк жак)

12

Пушкин көчөсү

Жаш Гвардия бульварынан Павлова көчөсүнө чейин

13

Кең суу көчөсү

Интергельпо көчөсүнөн Пишпекская көчөсүнө чейин

14

Чкалов көчөсү

Рыскулов көчөсүнөн Чүй проспектине чейин

15

Л.Толстой көчөсүндөгү гүл бакча

Жаш Гвардия бульварынын түндүк-батыш тарабы, «Дельфин» бассейнинин сырт жагы

Октябрь району

17

С.Батор көчөсү менен 5-6-7-кичи районунун ортосу, каналдын жээги

Каралаев көчөсүнөн баштап

18

БАУун тегерегиндеги токой

 

19

Ботаникалык бакчанын түштүк жагы, И. Ахунбаев көчөсү (шаардын чек чек арасы ошол жерде)

 

Свердлов району

20

ЧЧК жээги

Лермонтов көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин, көчөнүн эки жагы тең

21

Өткөөл жолдор

Абдрахманов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин

Ысык-Көл областындагы тазалоо үчүн участоктордун тизмеси 

22

Кара-Талаа а.

33-36 км., Арал жээги

23

Кызыл-Туу а.

Туздуу көл

24

Каджы-Сай а.

101-102, 103-104 км..

25

Тосор а.

117 км

26

Тамга а.

127 км, 137-138 км. Жапайы кумжээк

27

Кызыл Суу а.

Айылдык кумжээк

28

Каракол ш.

шаардык пляж, Пушкин атындагы парк, Жеңиш паркы

29

Бөкөнбаев а.

96-98 км., Манжылы жергеси

3-

Барскоон а.

146 км.

31

Ак-Терек а.

156-157 км.

Баткен областындагы тазалоо үчүн участоктордун тизмеси

32

Лейлек районунун Арка а.

 

33

Кулуңду а.

 

34

Исфана а.

Эс алуу зонасы, коттедждер

35

Сүлүктү а.

 

36

Кадамжай ш.

Жайма базардан «Жаштык» кинотеатрына чейин

37

Кызыл-Кыя ш.

 

38

Жийделик а.

 

Ош областындагы тазалоо үчүн участоктордун тизмеси

39

Ош ш.

 «Мээрим» паркы

40

Кызыл Кыштак жана Шикаван айылдарынын ортосундагы трасса

 

Жалал-Абад областындагы тазалоо үчүн участоктордун тизмеси

41

Жалал-Абад ш.

Аэропорттон баштап Спутник кичи районуна чейин

42

Сузак а.

 

43

Майлуу-Суу ш.

 

44

Аксы району

 

Акциянын уюштуруучулары жана катышуучулары үчүн нускама

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди “Дүйнөлүк тазалык күнү” глобалдык экологиялык жарандык акциянын алкагындагы ишембиликти уюштурууга катышууга чакырабыз. Эгерде Сиз активисттердин командасына кошулууну чечсеңиз, төмөнкү көрсөтмөнү караңыз:

  1. Локацияны аныктаңыз — сиздин аймагыңыздагы мыйзамсыз жана табигый таштандылар топтолгон жер (короо, көчө, район, айыл, шаар). Мүмкүн болсо, мамлекеттин коргоосунда турган жерлерди аныктагыла. Мисалы, парктык зоналар, гүл бакчалар, токойлор, көлмөлөр, өзөндүн куйган жерлери, каналдар ж.б.
  2. Ишембилик башталганга ЧЕЙИН локациянын абалын сүрөткө же видеого тартыңыз. Локациянын «ЧЕЙИН» абалы жөнүндө электрондук материалдарды сиздин региондун whatsapp-тобуна жибериңиз (эскертүү: топторго шилтемелер 2018-жылдын 15-сентябрына чейин активдүү болот):

Таза Нарын https://chat.whatsapp.com/GFWT0nmfziYHwYAVPgO7Y9

Таза Талас  https://chat.whatsapp.com/IzE1N6ENcfP4kgDF00L77P

Таза Чүй https://chat.whatsapp.com/1UpSxNNosJ9LitWLw6VZKu

Таза Кант https://chat.whatsapp.com/invite/75rViREsOu51wXXiCC1s1f

Таза Карабалта https://chat.whatsapp.com/invite/4oZyOFEecX4DTEOTpI9I6D

Таза Сокулук https://chat.whatsapp.com/invite/ANlFkFPiNYZ2ho5sCVR6oj

Таза Токмок https://chat.whatsapp.com/invite/8SDQei8cWww4n50vk3Cwxg

Таза Ысык-Көл https://chat.whatsapp.com/1xhrlaR3CWw4kDOsj2zMBT

Таза Каракол https://chat.whatsapp.com/invite/8nhuoSR2N3l2qjl8Srlsh7

Таза Ош https://chat.whatsapp.com/LmXp3YTFmDb6B8XAapv0Yc

Таза Баткен https://chat.whatsapp.com/9QHlxMD4ytOEY3vFAFx0KD

Таза Жалал Абад https://chat.whatsapp.com/Fn9lrhgroMw3h2zG0TYvAR

Таза Токтогул https://chat.whatsapp.com/9BFZs0UfxrO556abNLivu5

Таза Бишкек https://chat.whatsapp.com/1iflESekcwb6WBRZSyYxNR

  1. Өз волонтердук командаңызды үй-бүлөңүздүн, туугандарыңыздын, досторуңуздун, кесиптештериңиздин катарынан түзүңүз. Командаңыздын тизмесин түзүңүз (ФИО, whatsapp номери, түз байланыш телефон номери/мобилдик) жана сиздин аймактын лидерине тиешелүү аймактын whatsapp тобуна жибериңиз. Сиздин аймактын лидери топто «Администратор» статусуна ээ.
  2. Өз акцияңызга жергиликтүү бийлик органдарын тартыңыз (шаардык мэриялар, айыл өкмөтү, айылдык кеңештер). Алардын ресурстук колдоосуна ээ болуңуз.
  3. Сиздин акцияны чагылдыруу үчүн жергиликтүү ММКны тартыңыз (радио, ТВ, газеталар, блогерлер, общиналык ММК). Жергиликтүү ММКнын сиздин акцияга катышуусун алдын ала макулдашып алыңыз. ММКнын тизмесин байланыш телефондору менен түзүп алыңыз.
  4. Жергиликтүү бизнести да тартыңыз. Алар сиздерди ресурстар: суу, каптар, кол каптар менен камсыз кыла алышат. Коопсуздукту сактоо максатында милдеттүү түрдө коопсуздук буюмдарын колдонгула (кол каптар, каптар, атайын техника, күрөктөр жана тырмооктор ж.б.).
  5. Акция болгон күнү, 2018-жылдын 15-сентябрында өнөктөштөрүңөр менен эртең менен түшкө чейин 2 саатка (волонтерлор, ЖӨБ, ММК, бизнес, лидерлер, сиздин коомчулуктун ролдук моделдери) глобалдык акцияга чыккыла. Акциянын алдында сөзсүз коопсуздук техникасы боюнча көрсөтмө бергиле. Катышуучулардын ортосундагы ролду так аныктагыла (топтун лидери акцияны Адан Яга чейин толук координациялайт, волонтер-медик зарыл болгон учурда биринчи медициналык жардам көрсөтөт, ММК менен байланыш алып барган волонтер акциянын социалдык тармактарында иш-чараны чагылдыруу боюнча иш алып барат).
  6. Акциянын жыйынтыгы боюнча локацияны “КИЙИН” сүрөткө тарткыла жана тиешелүү топко жибергиле.
  7. Расмий хэштегдерди колдонуу менен акциядан сүрөттөрдү/видеолорду социалдык тармактарга жайгаштыргыла: #WCD2018 #worldcleanupday #ecodemi #экодеми #tazayssykkul #tazaosh #tazabatken #tazajalalabad #tazabishkek #tazachui #tazatalas #tazanaryn #tazanaryn.

Биздин биргелешкен иш-аракетибиз бизди таза өлкөгө алып келет деп үмүт кылабыз. Эгерде сизде суроолор пайда болсо, жогоруда көрсөтүлгөн whatsapp-топтордо жооп берүүгө даярбыз.

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Булар сизди таарынычтан бошотот

Булар сизди таарынычтан бошотот

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.