AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Дудук кайын аталуу болгондон коркуп жаткан кыздын баяны

Дудук кайын аталуу болгондон коркуп жаткан кыздын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында болочок кайын атасынын дудук экени баяндалат. 

Айганыш (аты өзгөртүлдү), студент

Саламатсызбы! Учурда адистердин кеңешине муктажмын. Эдил менен (аты өзгөртүлдү) курбум тааныштырган. Мыкты жигит. 2 жыл сүйлөштүк. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Бир ай мурун, туулган күнүмдө колумду сураган. Албетте, макулдугумду бердим.

Ата-энелерибиз жолугуп, таанышмак болушту. Кызыгы, Эдилдин атасы келген жок. Ал кайда экенин сурасам, ооруп калганын айтты.

Апаларыбыз той күнүн белгиледи. Даярдык көрө баштадык.

Жигитим өзүнө костюм карап келели дегенинен жолукканбыз. Базар аралап чарчап, кафеге кирдик. Ошол жерден, атасынын дудук экенин айтты. Эч нерсе болбойт деп койдум.

Үйгө келээрим менен, болочок балдарыбыздын тагдыры ойлондурду. Сурайын дегеним, кийин балдарыбыз дудук болуп калбайбы? Дудуктук тукум куушу мүмкүнбү? Той жакындаган сайын бул суроолор  айламды кетирчү болду.

Адистер жооп берет

Болот Калмырзаев, молекулярдык биолог

Дудуктук тууралуу сөз кылганда, биринчи патологиясы катары дүлөйлүктү карайбыз.

Тубаса дүлөйлүктүн себептери ар кандай: балага — эненин курсагында жаткан учурда же төрөлгөндөн кийинки алгачкы мезгилде жугуштуу оорулар менен ооруган, генетикалык фактарлор ж.б таасир берип, угуу системасы жакшы өнүкпөй калган, же доо кеткен.

Тубаса дүлөйлүктүн 60%ы генетикалык мутациядан улам болушу ыктымал. Бул деген, дүлөйлүктүн пайда болушу үчүн гендин эки варианты тең (атанын жана эненин) мутант болушу керек дегенди билдирет. Ошондо дүлөй болуп калуу ыктымалдыгы 100%.  Бирок иш жүзүндө, бир вариант — мутант, ал эми экинчиси — дени сак болот. Бул учурда оору байкалбайт, бирок адам бул мутациянын алып жүрүүчүсү болуп саналат, кийин тукумдарына берилиши мүмкүн.

Эгерде жигитиңиздин атасы, генетикалык мутациядан улам дүлөй болуп калса, анда ал адамда мутант гендин 2 варианты бар, балдары жөн гана алып жүрүүчү, башкача айтканда, жигитиңизде бир мутант гендин көчүрмөсү болушу мүмкүн.

Эми, балдарыңардын дүлөй болуп калуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылсак.

Сизде, мындай мутант гендин бирөөсү да жок болсо, жигитиңиз гана алып жүрүүчү болсо, дүлөй баланын төрөлүү ыктымалы 0 %га барабар, бул учурда балдарыңардын 25%ы мутант гендин алып жүрүүчүлөрү болуп калышы мүмкүн.

Эгер сиз да мутант гендин алып жүрүучүсү болсоңуз, анда баланын дүлөй болуп төрөлүү коркунучу 25% болуп саналат, бул учурда балдарыңардын 50%ы алып жүрүүчүлөрдү түзөт.

Кыскасы, жигитиңиздин үй-бүлөсүндө генетикалык мутация барбы же жокпу билүү керек. Бул үчүн кеңири таралган гендерге жана алардын мутациясына скрининг жасалат. 

Балким, жигитиңиздин атасы, цитомегаловирус, герпес, менингит сыяктуу жугуштуу инфекциялардан улам дүлөй болуп калган. Дарыгерге кайрылып, тактоо зарыл.

Адилет Джунушалиев, ЛОР

Тубаса дудук болгондор чанда кездешет. Эне кош бойлуу кезинде, түйүлдүк калыптанып жаткан учурда ооруп калса, же кандайдыр бир физикалык жактан күч келсе, катуу стресске кабылса, курсактагы баланын уга турган түтүгү, же кулактын ичиндеги үлүл калыптанбай, кулагы укпай калат.

Ошондой эле, бала кичине кезинде катуу суукка урунуп, убагында дарыланбаса дүлөй болуп калышы мүмкүн.

Илгери гентомицин деген антибиотиктерди көп жазып беришчү. Кийин ал оттотоксиндүү, б.а. угуу системасына да терс таасирин тийгизе турганы  белгилүү болгон.

Жигитиңиздин атасын дарыгерлерге көрсөтүп, укпай калганы генетикалык жактанбы же бала кезинде ооруганынын айынан болгонбу билүү керек. Ага чейин так жооп берүү мүмкүн эмес.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Конфуций: Артыңан сөз кылышса

Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратасың

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.