Саламатсызбы. Мен жакшы көргөн кыз, досум менен кыз-жигит болушчу. Азыркы учурда сүйлөшпөй калышкан. Мен намыстанып, ал кызды жактырып жүрөөрүмдү айтчу эмесмин. Акыры, чыдабай кызга сезимимди билдирдим.
Бирок, ал мени арданта турган сөздөрдү айтты. “Экөөбүз жүрүп алсак, эртең баш кошсок, досуң менен кандай мамиледе болосуң?” – деди. Чынын айтканда, өзүм деле уялып, жаман болуп жүрөм. Эмне кылышыбыз керек?







