AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Досумдун айтканын жасагандан бери келинчегим экөөбүз урушпай калдык

Досумдун айтканын жасагандан бери келинчегим экөөбүз урушпай калдык

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Досумдун үйүнөн жеңилдеп чыктым. Абадан кере-кере дем алдым. Үстүмдө жука күрмө эле бар болчу, сырт суук болгону менен үшүбөдүм. Эмнегедир келинчегиме шоколад сатып алгым келди. Кандай шоколад жагарын жакшы билем. Акыркы ирет качан алып бергеним эсимде жок. Жаш балдай кудуңдап дүкөндү көздөй жөнөдүм.

Эртең менен эле урушуп кеткенбиз. Болбогон эле нерсе үчүн. Эми макул калп айтпайын, менин эжем аны жамандаптыр. Келинчегим билип калып катуу капа болду. Мен болсо эшикти тарс жаап чыгып кеттим. 

Жумушта маанайым жок отурдум. Демейде, тамакты калтырбаган жаным, түштөнүүгө табитим тартпады. Кечинде үйгө эмес, досума жөнөдүм. 

Ээ, сонун досум бар да. Качан болбосун колдоп, урушчу жерде урушуп, жыргачу жерде мени менен жыргайт. Оюн бетке айтат. Жанында он сому болсо дагы мага карматат. Аяшыбызга дагы сөз жок. Экөө суктана турган жубайлар. Жадакалса, үйүндөгү ит-мышыгын сыйлашат. Бир жолу катуу «кет» же «пыш» дегенин укпадым. 

Аяшыбыздын тамагы даяр болгуча экөөбүз сыртка чыгып сүйлөшүп отурдук. Акыркы күндөрү аялым экөөбүз көп урушуп калганыбызды, ажырашуу деген сөз айтыла баштаганын, качан болбосун маанайы жок экенин айтып калдым. Досум мени аяп бир нерсе дейт дегем. Андай болбоду. 

— Досум, үй-бүлө бул кичинекей мамлекет. Ал жерде сен менен гана аяш болот. Албетте, урушасыңар, анткени чек араңар жакшы тосулган эмес. Ар ким басып кирип жаңжал чыгара берет. Капа болбо досум, бирок эжең, аяш энем кээде чектен чыгып кетишет. Албетте, аяшка катуу тиет. Биз деле башында урушчубуз. Бирок, чек арабызды бекемдеп, мамлекетибизге экөөбүздөн башка эч ким кирбей тургандай кылгандан кийин баары жайына келди. Азыр бирөө дагы бир нерсе дей албайт. Кайын журтубуз турмушубузга аралашпай калгандан бери жашообуз оңолду. Ортобуздагы сый, ишеним, сүйүү күчөдү. Чек араңды бекемде дос. Тууган-тууган бойдон ары тарапта калсын. Сый бойдон калышсын. Экөөңдүн турмуш, бул экөөңдүн турмуш экенин көрсөт. 

Оозумдан рахмат деген гана сөз чыкты. Анан тамактанып алып үйгө жөнөдүм.

Босогодон аттарым менен эжем чалды. Аялым чыгып мени карап туруп калган. Дагы келинчегимди жамандап кирди. «Эже, менин турмушум, бул менин турмушум. Мен сизди жакшы көрөм. Сыйлайм. Бирок, үй-бүлөмдү өзүмө эле коюп, өз бүлөңүз менен алек болуңуз. Аялым мага жагат. Ошон үчүн үйлөнгөм. Калганын өзүбүз чечип алабыз. Экинчи кийлигишпегиле. Ансыз деле уруштура берип тажаттыңар.»

Трубканы коюп, аялымды карадым. Көздөрү жашылданып калыптыр. Мени келип кучактады. Чөнтөгүмдөн шоколадын алып чыгып бердим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадымй ка

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Бул кеңештерди аткарсаңыз

Бул кеңештерди аткарсаңыз,аномалдуу ысыктан оңой чыгасыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.