AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Дин тутууга мажбурласа эмне кылуу керек?

Дин тутууга мажбурласа эмне кылуу керек?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Өзүн мусулманмын деген адамдын агрессивдүү мамилеси жана идеяларын таңуулоосу туурабы?

Саламатсызбы! Сиздерден сурайын дедим эле. Биздин айылда бир адам бар. 5 маал намаз окуйт, күн сайын мечитке барат. Бирок чөйрөдөгүлөргө болгон мамилеси өтө жаман. Качан көрбөйлү агрессивдүү, айтканынан кайтпайт. Жолугуп сүйлөшүп туруп калсак “Динде мындай, сен минтишиң керек, жок андай эмес” деп өз оюн таңуулай берет. Ал туура кылып жатабы? Эмне кылсак болот?

Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы:

Ар бирибизде тандоо эркиндиги бар жана ага бөгөт коё албайбыз. Кыргызстанда иштеп жаткан шарият мыйзамына ылайык “дин тутушуң керек” деген мажбурлоо жок. Демек, сиз кайсы бир динди тутпай эле жашайм деп чечсеңиз, анда чөйрө, мамлекет же мыйзам келип “дин менен жаша” дей албайт.

Биз өзгөнүн пикирин эске алуу менен мамиле курушубуз керек. Айылдашыңыздын тандоосун “андай кылба” деп күчкө сала албайбыз. Башка бирөөнүн көз карашын да кабылдоо зарыл. Анын позициясы өзүндө, сиздики өзүңүздө калат. Эгер ал кишинин айтып жаткандары сизге жакпаса, оюуңузду ачык билдириңиз.

Эсиңизде болсун, эч ким бирөөнүн укук чегин бузууга акысы жок. Анын жоруктарынан мыйзамсыз бир аракеттерди байкасаңыз, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Кадыр Маликов, теолог:

Ислам түшүнүктөрүнөн алыс, түркөй, сабатсыз жана дааватчылыктын негиздерин билбеген адам катуу чакырыктарды жасап, оюн таңуулайт. Шарият мыйзамдарына ылайык жумшак түшүндүрүп коюу гана керек, кандай жолго түшөөрүн адам өзү тандайт. 

Нурислам Раимжанов, юрист:

Урматтуу окурман, айылдашыңыздын оюу сизге жакпай жатса, аны укпай эле коюңуз. Эгерде бул аракеттери үчүн чара көрөм десеңиз, эмнелерди айтып жатканына маани бериңиз. Мисалы, Конституциянын 31-беренесинин 4-бөлүмүндө “Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат” деп айтылган. Эгерде ал оюу аркылуу сизди экстремизмге багыттап, мыйзам бузууга үндөп жатса, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

Ошондой эле, анын намаз окуу, жоолук салынуу же башка диний маселелерди айтууга укугу бар экенин эскерте кетейин. Себеби ушул эле берененин биринчи бөлүмүндө “Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу”, экинчисинде “Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу” деп жазылган.

Бирөөнүн айткандарын аткарууга милдеттүү эмессиз! Конститутциянын 32 – беренесинде “Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ” жана “Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес” деп жазылган. Тандоо өз колуңузда.

Айылдашыңыз кайра-кайра тынчыңызды алып, өз оюн таңуулап жатса жана анын иш-аракетин мыйзамсыз деп тапсаңыз, аймактык милицияга кабарлаңыз.

Бул шилтемелер сиз үчүн пайдалуу болот:

  • Сабаттуу молдонун радикал молдодон айырмасы
  • Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө
  • Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө
  • Катталган диний бирикмелер
  • Тыюу салынган диний бирикмелер.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Суукта жылаңбаш жүрсө эмне болот? Терапевт жооп берет

Суукта жылаңбаш жүрсө эмне болот? Терапевт жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.