Саламатсызбы! Биздин сурообузга тиешелүү тараптардан жооп алып берүүңүздү өтүнөт элем. 2021- жылдын 22-Март айынан баштап жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үгүттөө иштери башталат. Жогоруда аталган жылдын 11- апрелинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өтмөкчү.
Мен өзүм мектептердин биринде мугалим болуп иштейм. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн колдонмонун 84-пунктунда мындай жазылган: Талапкер арыз менен кайрылгандан учурдан баштап үч календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү.
Кече күнү кайрылсам уруксат беришпей койду. Жетекчилик «кызматта иштеген талапкерлер гана кызматынан бошотулат»,-дейт. Кызматымдан бошотпой жатышат. Эмне кылсам болот?







