Чыныгы дос кандай болот? Канткенде жакшы дос тапса болот? Достук бекем болушу үчүн эмне кылуу керек? Келгиле анда, белгилүү америкалык жазуучу Дейл Брекенридж Карнегинин достук тууралуу айткандарын угуп көрөлү.
- Чын дилиңден ук
Дос күтүүнү кааласаңыз, башкаларды уга билиңиз. Кунт коюп угуп, адамдарды түшүнүүгө аракет кылсаңыз, сиз жөнүндө жакшы пикир калат.
- Маектешүүгө ылайыктуу тема тандаңыз
Маектешүүгө ылайыктуу тема тандасаңыз, адам ачылып, сүйлөшкүсү келет. Позитивдүү тема тапканга аракет жасаңыз.
- Бирөөнүн оюн урматтаңыз
Бирөөнүн оюн урматтасаңыз, сизди сыйлашат. Баардык ойлорго кошулуу керек эмес, чекти билиңиз.
- Катаны моюнга алыңыз
Ката кетирген адам жаман эмес, аны моюнга албаган адам жаман.
- Адамды өзгөртпөңүз.
Досуңузда бир нерсе жакпаса, аны өзгөрткөнгө аракет кылбаңыз. Адамды кемчилиги менен бирге кабыл алган адам – мыкты дос.






