AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Даттанба

Даттанба, мүмкүнчүлүктөрдү изде! Джек Манын ийгилик сырлары

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Сүрөтү Forbes журналына басылып чыккан Кытайдагы биринчи бизнесмен. Кытайдын эң бай адамы жана дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесинде 18 – орунда турат. Байлыгы 29,7 миллиард доллар. Анын аты —  Джек Ма, Аlibaba.com’дун негиздөөчүсү. 

  1. Баш тартууларга көн

Кирүү экзамендеринен 3 жолу кулагам. Жумуш издеп 30 жолу арыз таштагам. Полицейский болуп иштегим келчү, жумушка орношкону барсам, 5 каалоочудан 4өөнү алып, мага “жетишээрлик жакшы эмессиң” деп айтышкан. KFC Кытайга тармактарын ачып баштаганда ал жакка да бардым, 24 адамдын 23ү кабыл алынды, менден дагы баш тартышты. Андыктан мен баш тартууларга көнүп калгам. И баса, Гарвардга окугум келип 10 жолу арыз бергем. Баш тартышаарын билгем, болгону дагы бир ирет ынанып коёюн дегем. Азыр алар өкүнүп жатат.

  1. Кыялыңды сакта

Алибабанын сырдуу коду —  “сезам ачыл”. Ар бир адамдын сырдуу коду — кыялды сактай билүү жөндөмдүүлүгү. Себеби бир күнү кыялдар орундалып калышы мүмкүн. 

  1. Корпоративдик маданият жөнүндө ойлон

Башында 18 адам болчубуз, азыр 20 миң кызматкерибиз бар. Ар бирин баалайбыз жана алар кардардын пайдасы үчүн иштешин көзөмөлдөп турабыз. Андыктан, биз жөн гана акча жасабайбыз.

  1. Көрө албастардын ой-пикирин кабыл алба

Alipay тууралуу идеямды адамдарга айтсам, көпчүлүгү акылсыз бир идея дешкен. Акылсызбы же жокпу билбейм, айтоор азыр аны 800 миллион адам колдонот.

  1. Эргүү издегиле

Мен көп нерселерди кинолордон үйрөндүм. “Телохранитель”  деген тасмадан Уитни Хьюстондун ырдап жатканын көрүп, кандай болсоң ошондой болуп, жүрөгүңдөн жасасаң, баары жакшы болоорун түшүндүм, мындайча айтканда сүйлөгөндү үйрөндүм. Сүйүктүү кинолорумдун бири “Форрест Гамп”.

  1. Оюңду топто

Көптөгөн идеяларга жок дедим. Себеби аткаруучу директор болгондуктан, кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартууга туура келет. Эгерде оба десем, эң аз дегенде күнүнө 5000 жакшы идея кабыл алмакмын.

Кабыл алуу же баш тартуу болобу айырмасы жок, мен бизнести жөнөкөйлөтүү принцибин карманам. Эгерде идея буга багытталса ойлонуп көрөм. Бирөө келип алып, “укчу, биз көп акча жасай алабыз”, — десе мен үчүн ал кызыксыз.

  1. Жакшы аталыш ойлоп тап

Ишимди жаңыдан баштап жатканда, интернет глобалдуу тармак, демек биздин компаниянын аты Yahoo сыяктуу кызыктуу жана эл аралык болуш керек дедим. Көп күн ойлондум, анан бир күнү акылыма Алибаба деген аталыш келди. Ал күнү Сан-Францискодогу жайлардын биринде тамактанып жаткам. Официант кыздан минтип сурадым:

— Сен Алибаба тууралуу билесиңби?

— Оба.

— Эмнелерди билесиң?

— Сезам ачыл.

— Супер!

Сыртка чыгып адамдардан сурай баштадым. Баары 40 карачы, сезам тууралуу айтып жатышты. Ошентип бул мыкты аталыш экен деп түшүндүм.

  1. Кардар биринчи орунда

Компаниябыз үчүн биринчи орунда кардар, экинчиде кызматкер, үчүнчүдө акционерлер турат. Эсимде, акцияларды жаңыдан сатып баштаганда, көбү “Джек, бизге сат, биз туруктуу акционер болобуз”, — дешкен. Кризис келгенде баары кайдадыр качып кетишти. Жанымда менин адамдарым, кардарларым калды.

  1. Даттанба, мүмкүнчүлүктөрдү изде

Көпчүлүк адамдар «бактылуу мүмкүнчүлүктөр кайда»,- деп даттанышат. Бактылуу мүмкүнчүлүктөр көйгөйлөр жаткан жерде.

  1. Өзүңдү жумушка арна

Жасап жаткан жумушуңду сүй, ага ишен.

А сиз жашооузда кандай баш тартуулага дуушар болгонсуз? 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Балдардын аллергиясын пайда кылган азыктар. Педиатрдын кеңеши

Балдардын аллергиясын пайда кылган азыктар. Педиатрдын кеңеши

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.