AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Дааватчыларга үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат

Дааватчыларга үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

КРдын Диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотоев «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү» мыйзамына пландаштырылган өзгөртүүлөр тууралуу  массалык маалымат каражаттарына билдирди.

2008-жылы кабыл алынган мыйзам, он жыл аралыгында дин карманган адамдардын саны бир кыйла көбөйгөнүнө карабастан, өзгөртүүлөргө дуушар болгон эмес.

Мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү карап көрсөк:

  1. Үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат

Мыйзам долбоору  диний көз караштарын жайылтуу үчүн үйлөрдү кыдырууга тыюу салууну көздөөдө. “Диний уюмдар диний иш-аракеттерге диний жерлеринде гана чакырууга укуктуу. Мисалы, сиз саат беште бизде жолугушуу болот деп чакыруу таштап кетсеңиз болот, бирок, үйгө кирүүгө тыюу салынат «, — деп билдирди Чотоев.

Биз кыдырууга тыюу салбайбыз, болгону мындай дейбиз: диндин өзөгүн диний объектилерде гана  түшүндүргүлө, сиздер жөн гана чакыргыла, бирок сураныч, чакырып жатканда ошол жерден түшүндүрүү иштерин жасабагыла. Бизде бул иш менен алектенген бир катар христиандык жана исламдык көз караштагы диний уюмдар бар. Биз алар менен кеңешип, чакыруу укугунда эмнелер чектелбей тургандыгын толуктадык.

Кызыгы булар кантип жөнгө салынаарын, Чотоев азырынча билбейт. Анын айтымында, диндерди жайылтуу — бул диний эркиндиктин тышкы укугу болуп саналат. Ошондуктан, үйлөрдү кыдырып жарандарды чакыруу укугун алар чектей алышпайт.

Учурдагы мыйзамга ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү жарандардын үйүнө келип, стандарттуу суроолорду узатып, жыйынтыгында мечит же чиркөөгө чакырышат. Ошондуктан, жаңы мыйзам эмнени өзгөртөөрү азырынча белгисиз.  

  1. Намазкана кызматына уруксат алуу

Иштеп жаткан мыйзамда  намазканалардын иш-аракеттери жөнгө салынбайт жана  «намаз бөлмөсү» деген түшүнүк жок болгондуктан, каттоону талап кылбайт. Чотоевдин айтымында, дал ушул намаз бөлмөлөрүндө Кыргызстанда тыюу салынган  «Йакын Инкар» уюмунун өкүлдөрү иш алып барышат. Мыйзамга намазкана  түшүнүгүн киргизүү каралууда, ошондо алардын ишмердүүлүгү көзөмөл астында болуп калат. Мыйзам долбоору күчүнө кирсе, намазканалардын каттоодон өтүшүнө жана ишмердүүлүгүнө ал жайлардын менчик ээлери мыйзамдуу түрдө жооп беришет.

  1. Жашы жете электерди диний иштерге тартууга тыюу салынат

Учурда иштеп жаткан мыйзамда диний уюмдарга балдарды тартууга толугу менен тыюу салынган, бирок кандай иш-аракеттерге тыюу салынаары тууралуу эч кандай тактоолор жок. Киргизиле турчу өзгөртүүлөрдө, иштөөгө болбойт, ал эми диний ырым-жырымдарга, ата-энесинин макулдугу жана катышуусу менен гана катышса болот деп айтылган. Балким, бул пункт киргизилсе, көчөлөрдү жана үйлөрдү аралап  динди жайган адамдар, мындан ары көчөдөн балдарга асылбай калат.

Бул «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү» мыйзамына киргизилчү өзгөртүүлөрдүн баары эмес. Дагы:

  • Өзгөртүүлөр бардык диний окуу жайларына дагы колдонулат. Эми алар иштөөгө уруксат алышы керек жана балдар 9-класстык билим алгандан кийин гана медреселерге окуй алышат.
  • Мамлекеттик комиссия тарабынан өлкөгө ташылып келип жаткан диний адабияттардын мазмуну жөнгө салынат.
  • Миссионерлер, тактап айтканда, ислам менен христиан өкүлдөрү Кыргызстанда өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн, мыйзамды бузбайбыз деген шарт менен, жыл сайын уруксатын узартып турушат. Мурда уруксатты үч жылга алышчу, андан кийин узартууга мүмкүндүк берилчү эмес.
  • Диний мүнөздөгү көрсөтүүлөрү бар ММКлар мамлекеттик комиссияны кабардар кылып, экстремизм темасындагы мазмундарын макулдашып турушу керек.

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Алмаз Турдубай: “Бизнес баштагың келсе

Алмаз Турдубай: “Бизнес баштагың келсе, алгач сатууну үйрөн!”

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.