AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Чыныгы мусулман "христиандардын коңгуроосу кагылбасын" дебейт

Чыныгы мусулман «христиандардын коңгуроосу кагылбасын» дебейт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Толеранттуулук деген эмне? Адамдарды башкалардын оюн урматтоого кантип үйрөтсө болот? Бардык нерсеге толеранттуу мамиле кылуу керекпи?

Бүгүн биз Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов менен маек курдук. Ал толерантуулук тууралуу кененирээк айтып берди.

 “Толеранттуулук – сеники туура дегендик эмес”

Толеранттуулук жер жүзүнө ааламдашуу процесси келген маалда көбүрөөк колдонула баштаган жаңы социалдык термин. Толерантуулук — бул адам өзүнүн түшүнүгүнөн, көз-карашынан өзгөчө болгон түшүнүктөрдү, көз-караштарды кабылдоосу. Ошол эле учурда “сеники туура, меники коё турсун” дегенди түшүндүрбөйт.

Эч ким бирөөнү мажбурлай албайт

Исламда дин тутууда мажбурлоо жок. Эгерде сиздин тандооңуз дин тутпай жашоого барган болсо, анда кишилер, мамлекет, мыйзам чогулуп келип “дин менен жаша” деп мажбурлай албайт. Ислам тарыхында бир дагы адам ишенимине карата куугунтукка алынган эмес.

«Христиандардын чиркөөлөрү жабылсын» деп эч ким айтпайт

12-13 кылымдарда Исламдын карамагына кирген аймактарда, мисалы, Константинополдагы бир дагы чиркөө талкаланбаган, дубалдарына жаман сөздөр жазылбаган, дин өкүлдөрү куугунтукка алынбай, өзүнүн диний чөйрөсүн сактап, сыйынып келишкен. Мусулман чөйрөсү катары таанылган араб өлкөлөрүн карасак, ал жакта “христиандардын чиркөөлөрү жабылсын, коңгуроосу кагылбасын” деп эч ким чыкпайт. Демек, толеранттуулук акыркы убакта колдонулуп келе жаткан термин экенине карабастан, ал жөнүндө динибиз мурда эле айтып койгон.

Ар бирибизде тандоо эркиндиги бар

Адамдар түрдүү көз караш, түшүнүктөр менен чоңоёт. Ар бирибиздин колубузда тандоо эркиндиги бар. Ал тандоого бөгөт коё албайбыз. Биз өзгөнүн пикирин эске алуу менен мамиле курушубуз керек. Динибиз башка көз караштарга урмат-сыйды көрсөтүүнү билген.

Өз позицияңызды сактаңыз

Толеранттуулук десе эле мейирманчылык кылып, “сиздики туура экен, меники туура эмес” деп астына түшпөө керек. Менин позициям өзүмдө, сиздики өзүңүздө калат. Эч качан сиздин көз карашыңыз туура болгон учурда, туура эмести өйдө көтөрбөңүз. Адамдар кийинүүгө, тамактанууга, билим алууга тең укуктуу. Алардын укук чегин бузууга эч кимдин акысы жок. 

Менин чегим, сиздин чегиңиздин чек арасынан токтойт

Толеранттуулк менен сабырдуулук эки башка нерсе. Сабырдуулук сиз башка көз караш менен беттешкен учурда керек. Адамдар менен оюбуз бир чыкпай калганда, эң жакшы сапат сабырдуулук. Мындайча айтканда, өзгөнүн көз карашын кабылдап “ушундай киши турбайбы” деп коюу. Анан толеранттуу болушум керек деп төбөгө чыгаруу —  укук чегинен ашып кетүү болот. Ар бирибиздин чегибиз бар. Менин чегим, сиздин чегиңиздин чек арасынан токтошу керек.

Адам толеранттуу болуп төрөлбөйт

Башында айтып өткөндөй толеранттуулук социалдык термин. Адам толеранттуу болуп төрөлбөйт, аны жашап үйрөнөт.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Дары ичпей айыгып кете аламбы?

Дары ичпей айыгып кете аламбы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.