AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Чоңойгон баласы телефон чалбаган ата-энеге кеңеш

Чоңойгон баласы телефон чалбаган ата-энеге кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бир күн күттүңүз жок. Эки күн күттүңүз жок. Беш күн күттүңүз жок. Эмне үчүн балдарыңыз телефон чалбай жатат? Клиникалык психолог Денис Долгов мунун себебин  айтып берет. 

Балаңыз сизге өтө жакын болгон күндө да, эртеби-кечпи бөлүнөт. Башында бул кыйын болушу мүмкүн, айрыкча, ар бир кечти чогуу өткөргөнгө көнүп калсаңыз.

Бирок убакыт өтөт, балаңыз бой жетет, балалуу болот, өзүнүн түйшүгү, көйгөйлөрү жаралат. Ооба, ал сизди сагынышы мүмкүн, бирок ошондо дагы чалбайт. Ал эми буга көбүнчө өзүңүз күнөөлүүсүз.  

Ооба, «ал мени жакшы көрбөйт» деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында, себеп башкада. Бойго жеткен балаңыз менен мамилеңиз абдан «токсичный» болушу мүмкүн. Мисалы:

  • түгөнбөгөн сын (дагы канча жейсиң, карачы семирип кеттиң);
  • сурабаса дагы берилген кеңеш (тур тигинин баласы же кызы менен жолугушууга барып таанышып кел);
  • терс баа (сен көп иштейсиң, бирок дагы эле акчаң жок, сен кандай баласың деги);
  • жемелөө (30га жакындап калдың, качан турмуш курасың, башың кайда) ж.б.

Сиз «мен сага караганда жакшы билем» деп аны дайым башкара бересиз, ортоңордогу мамиле ушундай позицияда курулат.

Суралбаган кеңеш, орунсуз критика, терс баа берүү эч кимге жакпайт. Балаңыз сизге жылуу сезимдери болсо да, баарлашууну азайтууга аракет кылат, анткени өзүн дал ушул нерселерден коргойт. Сиз айтпасаңыз деле, анын өзүнүн көйгөйлөрү бар. Ага кошумча көйгөй кереги жок. 

Кырдаалды кантип оңдоого болот? Балаңыз менен баарлашууну жагымдуу жана кубанычтуу кылууну сунуштайм. Чоңойгон бала өз жашоосун өзү чечет, кеңеш керек болсо сурайт.

«Токсичный» болууну токтотуңуз, жайдары болуңуз. Ошондо балаңыз сизге тартылат. Аны мактаңыз, керек болсо аяп коюңуз. Ошондо жыйынтыгы сизди таң калтырат.

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Ар бир адам заараны кармай албай калышы мүмкүн. Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Ар бир адам заараны кармай албай калышы мүмкүн. Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.