Мен 15 жаштамын, үй-бүлөнүн эң улуусумун. Бала кезимен чоң апа, чоң атамдын колунда өстүм, алар каза болгондон кийин Бишкекке ата-энемдикине келип, алар менен туруп калдым.
5ке чыкканда сиңдим, андан кийин иним төрөлдү. Улуу болгонум үчүнбү, атамдын мени “кызым” деп, бетимен өпкөнүн көргөн жокмун. Иним менен сиңдиме алар каалаган нерсесин алып беришет, менин кем-карчымды сурашчу да эмес. Аларга эркелегим келет, отуруп алып, эркин, ачык сүйлөшкүм келет. Бирок андай боло албадык.
Жиндери келгенде, “качан сенден кутулабыз, качан күйөөгө тиесиң?” – деп айтышат. Бул сөздөрү мага катуу тиет.
Сиңдим мага башчы, ага сөз кайтарсам, ашыгы менен айтып, ата-энеме даттанат. Алар кайра мени урушушат. Сиңдимди сен тыңсын, келечекте ырчы кылабыз, деп эркелетишет, үйгө таттуу алып келишкенде алайын десем, чоңоюп эле калган кызсың го, уялбайсыңбы, дешет. Жада калса тамагымды санап турушат. Сен бизди банкрот кылганга эле жаралгансың, бекер тамак ичип көнгөнсүң, деп сүйлөнүшөт.
Келечекте актриса же визажист болгум келет, апам сен тикмечи эле болосуң дей берет. Кыскасы өзүмө болгон ишеним жок. Досторумдун жанында гана бактылуумун, алардын арасында жүргөндө шайырмын, күлдүрүп, көп сүйлөйм. Өз оюмду эркин айтам.
Мотивация бере турган китептерди көп окуйм, өзүмө ишенимдүү жүрүүгө аракет кылам. Ата-энеме күчтүү экенимди кантип көрсөтсөм, аларды дүйнө жүзүн кыдыртсам, деп кыялданам. Кантип эрктүү боло алам?







