AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, «окутам» деген жигитке кыздыгымды бердим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Азыр кыздык кандай роль ойнойт?»

Супсулуу 19 жаштагы кызмын. Бир көргөн жигитти заматта каратып алам. Ойноп-күлө турган убагым. Быйыл күйөөгө тийүү деген оюмда жок болчу. Аны жолуктургандан кийин пландардын баары бузулду.

Бейтааныш бирөө чалды. Номеримди тайкемден алыптыр. Шашпай, токтоо сүйлөдү. Эки-үч жумадан кийин жолугууну чечтик. Өң-келбети жаккан жок. Бирок, жакшы тил табышып калган элек.

Бир күнү “кыйналып жатам, кыздыгыңа тийбей бүтүрөм” деп, жыныстык катнашка барууну сунуштады. Башында каршылык көрсөттүм. Кийин, “баары бир күйөөм болот” деген ой менен макул болдум. Ошентип кыздыгымдан айрылдым. Андан кийин эки-үч жолу кошулдук.

Август айында үйлөнөрүбүздү айтат. Көңүлүм жок. Кыздыгымдын айынан эле макул болуп жатам. Сурайын дегеним, азыр кыздык кандай роль ойнойт?

Жигит жөнүндө айтсам: сүйлөгөндөрү ордунда, бирок ашыкча кызганчаак. Кокус чалганда албай калсам, “ким менен жүрөсүң” дейт. Бирөө менен кармап алса, жаман кылаарын айтат. Ата-энеси менен тааныштырган. Мамилебиз тууралуу достору, менин үй-бүлөм да билет.

Сулуу болгонум менен жетим кызмын. Мектепти быйыл бүтөм. Контрагымдын акчасын чоң атам төлөп берүүгө шарты жок, минтип күйөөгө тийип жатам. Жигитим, “окутам” деген, ошого үмүттөнүп жүрөм.

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Сиз али өтө жашсыз жана чоң турмуштун босогосунда турасыз. Бой жетүү — бул биринчи кезекте жоопкерчилик, анын кандай болорун сиз гана чечесиз.

Өзүңүздүн коркуу сезимиңизге жана стереотиптериңиздин туткунуна түшүп калган окшойсуз.

Келиңиз, тартипке келтирип көрөлү. Чынын айтканда, сизге жигит эч качан жаккан эмес. Анын келбети анча эмес жана кызганчаак экенин жазып жатасыз. Бирок, ал окууңузга “акча төлөп берем” деп убада берген. Демек, бул жерде эки тараптуу алмашуу болгон экен – сиз аны менен убакыт өткөрүп, анын шарттарына макул болосуз, ал эми булар үчүн билим аласыз. Аны менен аң-сезимдүү тандооңуз жана иш-аракетиңиз  менен байланышка баргансыз.

Кыздыкка байланыштуу, мен кыздыгы жок эле турмушка чыгып, бактылуу никеде жашап жаткан кыздарды билем, алардын арасында, мурунку никеден баласы барлары дагы бар. Ошону менен катар, кыздыгы менен турмушка чыккан бактысыз кыздарды билем.

Муну менен эмнени айткым келет? Бардыгы ушунчалык жөнөкөй эмес жана кыздык бактылуу жашоого барабар эмес. Бактылуу жашоонун ачкычы — сүйгөн адамыңыз менен болуу, өз ара урматтоо, өз ара ишеним жана чогуу болуудан рахат алуу.

Бардыгы болуп бүткөндөн кийин, кыздык белгинин туткуну болуп, сизде бир нерсе туура эмес деп ойлонун кереги жок жеп эсептейм. Сулуу экениңизди айтып жатасыз. Андыктан өзүңүзгө болгон ишенимди өрчүтүп, билимиңизге инвестиция салыңыз жана өзүңүз үчүн жоопкерчиликти алуудан коркпоңуз.

Жигиттин коркутууларына келсек. Сизди коргой турган жана колдой турган жакын адамыңыз барбы? Бул өтө маанилүү.

Окууга баруу үчүн сизде акча табуунун кандай жолдору бар? Ошондой эле, Интернеттеги «Карпман үч бурчтугу» жөнүндө көптөгөн макалаларды окуп чыгууну сунуш кылам. Анда «Агрессор» жана «Курмандык» жөнүндө айтылат. Бул маалымат сизге пайдалуу болот деп ойлойм.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кызым автобустан "фу

Кызым автобустан "фу, мама осуруп койдуңго" деп уят кылган. Балдардын окуялары

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.