Саламатсызбы! Мен кеңеш сурайын дегем. Ата-энем айылга келип, чоң атам эки бөлмө үй салып, «калганын өзүң бүтүрүп ал» деп атама каттатып бериптир. Айылда турмуш кура албай ата-энем ажырашып, үйдү таштап шаарга баса беришиптир. Көп өтпөй атам ичип кетти. Чоң атам менен чоң апам айылга көчүп барып үйдү бүтүрүп жатканда соттон кагаз келет. Кагазда атамдын үйдү күрөөгө коюп, 3-4 жылдан бери төлөбөй жүргөнү айтылат. Чоң атам ал адам менен соттошуп, 120 000 сом төлөп берди. Эми үйдүн документин сураса, үстүнө 20 000 сом кошуп бер деп бербей жатат. Акчасын бир жыл ичинде ай сайын 10 000 сомдон төлөп кутулган, бул соттун чечими эле. Эмне кылсак болот?







