AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Чоң-Алай районуна Германиядан картошка жыйноочу комбайн алып келинди

Чоң-Алай районуна Германиядан картошка жыйноочу комбайн алып келинди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына Германиядан картошка жыйноочу жаңы Grimme комбайны алып келинди. Бул комбайнды жергиликтүү  “Чоң-Алай экопродукт” компаниясы “Айыл Банк” аркылуу лизингге алды.

Кыргызстанда картошка нандан кийинки экинчи орунда турат жана калк арасында чоң суроо-талапка ээ. Ошондой эле картошка өстүрүү киреше алып келүүчү тармактардын бири.

Чоң-Алай — табигый-климаттык шарттары боюнча картошка өстүрүүгө ыңгайлуу зона. Жергиликтүү тургундар, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарындагыдай эле, негизинен айыл чарба тармагында эмгектенишет. Бирок, көпчүлүгү бизнесин республикалык деңгээлге көтөрүп, элди жумуш менен камсыздап, продукциясын коңшу Өзбекстанга импорттой алышпайт.

«Чоң-Алай экопродукт» ЖЧКсы өз ишин мындан 10 жыл мурун жеке дыйкан чарбасы катары баштаган. Ал эми 3 жыл мурун, картошка азык-түлүктөрүн жана үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу боюнча рынокто бир топ ийгиликтерге жетишип, башкаруунун жаңы формасына өткөн.

Үрөн фондусун жакшыртуу боюнча практикалык жумуштардын жоктугу кайра форматтоого түрткү болду. Тактап айтканда, үрөнгө сатыкка жарамдуу эмес картошкалар колдонулгандыктан жумшалган ресурстар акталбай жаткан.

“Чоң-Алай экопродукт” компаниясы үрөн материалын жакшыртуу жана жергиликтүү чакан өндүрүүчүлөрдүн ага жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү, аларды кийинчерээк ортомчуларсыз бирдиктүү бренд менен өнөктөштүккө тартууну чечти.

Германиядан келген элиталык картошканы жеткирүүчүлөр менен келишим түзүлүп, жаңы аймактар ​​өздөштүрүлдү. Ошол эле учурда, компания өз каражатына 1,5 куб суу өткөргөн узундугу 7 чакырым сугат каналын курду. Заманбап катушка сугат системасы дагы киргизилди. Жабдууларды эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө 20дан ашык адам жумушка тартылды.

Бизнести реформалоодон кийинки биринчи жылы жакшы түшүм алынды. Ошол эле учурда Европадан келген үрөндөрдү жеткирүүчүлөр менен бекем байланыштар түзүлдү.

«Биздин максат — үрөндүк картошканы өндүрүүдө бир кыйла жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү жана чакан өндүрүүчүлөрдүн суроо-талабын канааттандыруу», — деди компаниянын өкүлү Эльдар Сулайманов.

«Чоң-Алай экопродукт» компаниясы 1500 тонна продукцияны сактоо үчүн климатты көзөмөлдөөчү компьютерлештирилген системасы бар кампа курду. Мындай кампада картошканы сактоо менен кыш мезгилинде чекене соода түйүндөрүнө сапаттуу продукция жеткирилип турат. Ошондой эле продукциянын бир бөлүгү, тактап айтканда, 700 тоннадан ашыгы Өзбекстанга экспорттолду.

Чоң-Алай районунда суук эрте башталгандыктан картошка кыска мөөнөттө жыйналып бүтүшү керек. Ошондуктан ушундай климаттык шартка жооп берген техника зарыл.

Компаниянын өзүнүн айыл чарба техникалар паркы бар: эки трактор, картошка отургузкуч, картошка казгыч жана жамгырлаткыч шаймандар ж.б.

«Мурунку оруп-жыюу мезгилдеринде компания жөнөкөй техникаларды колдонуп, күн сайын 100дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылган. Ошол эле учурда, олуттуу каржылык чыгымдар кетирилген, аларды комбайнды колдонууда күтүлүп жаткан чыгымдар менен салыштырып болбойт “, — деди Элдар Сулайманов.

«Айыл Банк —  өлкөнүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында иштелип чыккан бирден-бир адистештирилген банк. Ошондуктан, бул банкты айыл чарба тармагын насыялоонун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу маселелерде компетенттүү деп эсептейбиз. Буга чейин “Айыл Банктан” насыя алып келгенбиз. Бирок,  биринчи жолу айыл чарба техникаларын лизингге алып жатабыз.»

Анын айтымында, картошка жыйноочу комбайн жалпы жыйналуучу аянттын кеминде 80%ын жыйнайт. Кийинки жылдары, шаймандар менен иштөөгө көндүмдөрү пайда болгондон кийин, бул көрсөткүч 90-95% га чейин жогорулашы мүмкүн.

Grimme SE260 комбайны — бул картошка жыйноочу инновациялык техникаларды өндүрүүчү дүйнөлүк лидердин жогорку класстагы жабдуулары. Негизги артыкчылыктары — жогорку түшүмдүүлүк, мөмөлөргө зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн минималдуу пайызы.

“Айыл Банк” ААК, агрардык секторду өнүктүрүүдө ишенимдүү өнөктөш, жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арасында оң кадыр-баркка ээ. Ошондой эле, “Айыл Банк” лизингдик кызмат көрсөтүү рыногунда лидер болуп саналат.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар

Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар, кайсы жерден алса болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.