AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Чет өлкөдөн интернет аркылуу кантип товар сатып алса болот?

Чет өлкөдөн интернет аркылуу кантип товар сатып алса болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Урматтуу окурман, өткөн саныбызда сиздерге импорт тууралуу жалпы түшүнүктөрдү бергенбиз. Бул ирет импорттоонун негизги кадамдарын көрсөтүп беребиз.

Кээ бир адамдардын ою боюнча, эл аралык жеткирүү – олуттуу маселе деле эмес, ал эми айрымдар үчүн ал чынында эле кыйын болушу мүмкүн. Импортер болгонго чейин билишиңиз керек  болгон негизги кадамдар төмөнкүлөр:

  1. Өлкөнү тандоо

Ар кайсы өлкөлөрдө импорт / экспорт үчүн башкача эрежелер бар.  Алсак, белгилүү бир товарды бир өлкөдөн сатып алуу арзан болушу мүмкүн, бирок чыгашаны жогорулаткан башка да жагдайлар болушу ыктымал. Андыктан товарды импорттоону чечкенден кийин, сатып алчу өлкөнү жакшылап изилдеп чыгыңыз.

  1. Жеткирип берүүчүнү издөө

Соода жана кесиптик бирикмелер менен акылдашып, улуттук жана эл аралык көргөзмөлөргө кошулуп, интернет булактарын караңыз. Товарды сатып алчу компанияны таап,  байланыш түзгөндөн кийин, аны менен жолугуңуз.

  1. Алымдарды жана салыктарды издөө

Импортко болгон алым, продукттунун  түрүнө көз каранды экенин билиңиз.

  1. Ишенимдүү экспедитор жана бажы брокерин табуу

Ар дайым ишенимдүү жүк экспедитору менен иштешиңиз. Бул сизди документерди топтоо баш оорусунан куткарып, бизнеске көбүрөөк басым жасоого убакыт берет.

  1. Изденүү

Баарыбызга жеткиликтүү  болгон интернеттен маалымат топтоңуз. Товарды  импорттоону жакшылап түшүнүү үчүн адистен кеңеш алыңыз.

Товар кантип алып келебиз?

Интернеттен керектүү товарды таптыңыз дейли. Аны кантип алып келем деп ойлоно баштасаңыз, төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  • Сизде Юстиция министрлигинде катталган ишкана болушу керек.
  • Сөзсүз банктан эсеп ачасыз (банк реквизиттери).
  • Жетиштүү акча.
  • Электрондук почта — бул сизге кепилдик болот. Кокус ортодо түшүнбөстүктөр жаралса, почтаңызга келген каттарды далил катары көрсөтүп, өз укугуңузду коргой аласыз.
  • Сиз каалаган товарды чыгарган компаниянын сөзсүз түрдө сайты, электрондук почтасы жана телефон номери ж.б болсун.
  • Сатуучу менен байланышкан учурда, товардын сертификатын, компаниянын кодун жана смета сураңыз.
  • Товарды жөнөтө турчу тарап, сизге банк реквизитин, инвойсун кошуп, келишим жөнөтөт. Анан сиз юрист жалдап, келишимге өзүңүздүн талаптарыңызды киргизесиз. Мисалы, товарды аккредитациялоо талабын.

Аккредитация (лат. accredo, «ишенүү») — товардын белгиленген критерийлер менен көрсөткүчтөргө (стандарт) дал келүүсүн тастыктоо тартиби. Аккредитациялоону баардык банктар жасайт, кызматына 200 доллардын тегерегинде акча төлөп бересиз.

  • Андан соң жол маселеси. Көп учурларда сатуучу тарап өздөрү чек арага чейин жеткирип берет. Жеткирүүнүн дагы түрлөрү бар ( учак, унаа, сууда жүрүүчү кеме ж.б). Өз капчыгыңызга жараша тандайсыз. Товар жолго чыгып жатканда, сатуучу тарап сөзсүз фиксация жасашы керек (таразага, видеого жана сүрөткө тартуу).
  • Жеткирип келе жаткан компания электрондук почтаңызга код жиберет. Ошол код менен товарыңыз кайсыл жакка жеткенин карап, көзөмөлдөп турсаңыз болот.

Эсиңизде болсун, ар дайым товарды чек арадан өткөрбөй туруп, суроо-талаптарга жооп береби текшерип алыңыз.

Керектелүүчү документтер тизмеси:

  1. Келишим

Келишимде көрсөтүлүшү керек:

  • келишимдин предмети;
  • жүктүн жана келишимдин жалпы наркы;
  • жеткирүүнүн шарттары, мөөнөтү;
  • жүктөрдү кабыл алуу шарттары;
  • жүк жөнүндө маалымат (пакеттөөгө, маркалоо);
  • келишим түзгөн тараптардын жоопкерчиликтери;
  • мажордук абалды алдын алуу;
  • чыр-чатак учурундагы жол-жоболор;
  • келишимдин мөөнөтү;
  • тарапттардын реквизиттери (юридикалык жана банктык даректери).
  1. Инвойс

Жүктөрдү импорттоо документтеринде инвойс болушу шарт. Инвойс (эсеп дүмүрчөгү)- расмий каржы кагаздарга карата колдонулган, келишим тууралуу бардык маалыматты камтыган төлөм документти. Муну бланкага толтуруп, эки тарап кол коет. Инвойс төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

  • Төлөмдөр тууралуу маалыматты;
  • Түзүлгөн датасы жана номери;
  • Келишим түзүүчүлөр жана товар жөнүндө маалыматтар;
  • Келишим түзүлгөн мөөнөт жана анын номери;
  • Жеткирүүнүн шарттары;
  • Жүктүү жеткирүү тууралуу түшүндүрмүлөр, наркы жана саны;
  • Товардын акыркы наркы (АКШ доллары менен);
  • Жүктүн жалпы салмагы;
  • Жекирилчү жер;
  • Жооптуу адамдын колу, мөөрү, аты.
  1. Товардын сертификаты
  2. Паспорт

Сизге ийгилик каалайбыз!

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ич кийимге туура кам көрбөсө

Ич кийимге туура кам көрбөсө, кандай оорулар пайда болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.