AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Чет өлкөдөн акысыз билим алуу жолдору

Чет өлкөдөн акысыз билим алуу жолдору

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын гранттык орундары жана стипендиялары туралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси Апышева Айзаада кененирээк маалымат берди.

Венгрия мамлекетинин ЖОЖдорунун стипендиялары

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык кыргыз жарандарына төмөнкү багыттагы 25 гранттык орундар бөлүнүп берилет.

Бакалавр программасына тапшыруучулар үчүн:

  • Айыл чарба
  • Социалдык илимдер
  • Информациялык технологиялар
  • Экономика
  • Инженерия
  • Табигый так илимдер жана спорт
  • Мамлекеттик саясат

Магистратура программасына тапшыруучулар үчүн:

  • Айыл чарба
  • Социалдык илимдер
  • Информациялык технология
  • Экономика
  • Инженерия
  • Табигый так илимдер
  • Спорт жана мамлекеттик саясат
  • Докторантурага бардык багыттар

Окуу жайлар жана окуу программалары:

Stipendium Hungaricum программасы туралуу кененирээк маалыматты:

www.Stipendiumhungaricum.hu же http://studyinhungary.hu/study-in-hungary/menu/find-a-study-programme/study-finder.html сайтынан алсаңыздар болот.

Окуу шарттары:

  • Ай сайын берилүүчү стипендия: бакалавр жана магистрлерге 40 460 форин же болжол менен 130 евро, докторантурага 140 000 форин же болжол менен 450 евро.
  • Жашаган жерине айына 40 000 форинт же 130 евро.
  • Медициналык камсыздандыруу.

Документтер тизмеси:

  • Катышуучунун анкетасы
  • Паспорт көчүрмөсү
  • Жетишкендик туралуу транскрипт
  • Англис тил деңгээли туралуу сертификат
  • Системага ийгиликтүү катталгандыгы тууралуу тастыктама
  • Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат
  • Сыйлыктары: грамота, медаль, диплом ж.б.

Казакстан Республикасынын Жогорку окуу жайларына гранттык орундар

2006-жылдан баштап Кыргыз жана Казак Республикасынын өкмөттөрү ортосундагы келишимге ылайык, жыл сайын Казакстан ЖОЖдорунда окуу максатында 5тен бюджеттик орундар бөлүнүп берилет. Документтерди кабыл алуу иштерин КР ББИМнин Эл аралык кызматташтык бөлүмү аткарат.

2017-жылы кириш сынактары төмөнкү тартипте өткөрүлдү:

  • Бакалавр программасына талапкерлер үчүн-ББИМ Улуттук тестирлөө борбору аркылуу, тандалган багытына ылайык предметтик тестирлөө түрүндө.
  • Магистр программасынын талапкерлери үчүн аңгемелешүү түрүндө.

Кириш сынактан өткөндөрдүн тизмеси Казакстан ЖОЖдоруна жиберилип, КР ББИМ сайтына жайгаштырылат.

Беларусь Республикасынын Жогорку окуу жайларына гранттык орундар

Эки Өкмөттүн ортосундагы макулдашууга ылайык жылына Беларусь тарабынан 10 бюджеттик орун берилет. Бөлүнгөн бюджеттик орундар тууралуу маалымат жылдын 1-2 кварталында минситрликке келет, андан кийин Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ)сайтында (www.edu.gov.kg) жана Кутбилим гезитинде, массалык маалымат каражаттарында жайгаштырылат. Документтерди кабыл алуу Казакстан квотасынын тандоосундай өтөт. Кириш сынактарынын жыйынтыгы ББИМдин сайтына жайгыштырылат.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн стипендиялары

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минситрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү жана илим минситрлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык кытай тарабынан жылына КР жарандарына бюджеттик орундар берилет. 2017-2018 окуу жылына Кытай Эл Республикасынын ЖОЖдоруна окуу үчүн 23 орун бөлүнүп берилди. Бул жылы дагы сынакка тандоодон өтүү тууралуу маалымат ББИМ сайтынан, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында (Акипресс, 24.kg, КТРК) жарыяланат.

Документтерди тапшыруудагы негизги талаптар HSK эл аралык кытай тилин билүү деңгээлин көрсөткөн сертификат болуусу керек.

Кириш сынактар эки этап менен өткөрүлөт:

  • Кытай жана англис тилинде эссе жазуу
  • Аңгемелешүү

Сынак жыйынтыктары ББИМдин сайтында жайгаштырылат.

Жогорудагы программага катышууну каалагандар жана бүтүрүүчүлөр кененирээк маалыматты Бишкек шаарынын Тыныстанов 257 дарегиндеги Билим берүү жана илим министрлигине келип, 220 бөлмөдөгү эл аралык кызматташтык бөлүмүнөн алсаңыздар болот. Телефон 0 312 62 15 19.

 

Бруней-Даруссаламдын университеттери окууга чакырат

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Башкы катчылыгынын маалыматы боюнча, Бруней-Даруссалам Өкмөтү ИКУнун мүчө-мамлекеттеринин жарандарына 2018-2019 окуу жылынына стипендияларын сунуштайт.

Стипендиянын алкагында, ИКУнун мүчө-өлкөлөрүнүн жарандары Бруней-Даруссаламдын төмөнкү жогорку билим берүү мекемелеринин биринде окуй алышат:

  • Бруней-Даруссалам Университети — www.ubd.edu.bn;
  • Ислам Султан Шариф Алинин Университети — www.unissa.edu.bn;
  • Бруней Технологиялык Университети — www.utb.edu.bn;
  • Бруней Политехникылык Университети — www.pb.edu.bn .

Бруней-Даруссаламдын жогорку окуу жайларына талапкерлер төмөнкү сайттан анкетаны жүктөп алуусу зарыл:

http://www.mofat.gov.bn/PublishingImages/Pages/BDScholarship/APPLICATION-FORM-2018-2019.pdf.

Толтурулган анкета менен төмөнкү документтер берилет:

  • сүрөт 4×6
  • англис тилине которулган жана нотариалдык күбөлөнгөн билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
  • паспорттун көчүрмөсү
  • англис тилине которулган жана нотариалдык күбөлөнгөн жакшы жүрүм-туруму жөнүндө күбөлүк
  • англис тили боюнча билимин тастыктоочу күбөлүк (тест TOEFL pbt) 500 упайдан кем эмес болуусу зарыл (аттестаттын/дипломдун орточо баллы 4,5 баллдан кем эмес болушу керек).

Бакалавр программасына талапкерлер 18 жаштан 25 жашга чейинки, магистратура программасына 35 жаштан улуу эмес болушу керек (2018-жылдын 31-июлуна).

Ошол эле учурда, толтурулган анкеталар applyBDGS2018@mfa.gov.bn электрондук дарегине жөнөтүлүшү зарыл:

Бруней-Даруссалам Университетине (Univeristi Brunei Darussalam) окууга талапкерлер, кошумча платформа аркылуу онлайн-анкета толтурат: https://apply.ubd.edu.bn/orbeon/uis-welcome/.

Толук эмес документтер кабыл алынбайт. Талапкердин англисче/малайча/арабча тилинде (зарыл болгон учурда) билим денгээлин аныктоо үчүн окуу жай жазуу түрүндө экзамен же аңгемелешүү өткөрүүгө укугу бар.

Талапкерлерди тандоо боюнча акыркы чечимди Бруней-Даруссалама Өкмөтү чыгарат.

 

Индияда билим алуу

Индиянын маданий кызматташуу кеңешмеси Кыргызстан жарандарына 2018-2019-окуу жылына карата 6 бюджеттик орун бөлүп берет. Ага ылайык жарандарыбыз Индиянын жогорку билим берүү окуу жайларында бир же эки жылдык курстарды өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Конкурстка катышуу үчүн:

  • Программанын расмий сайтына 205.147.97.190./iccr кирип катталып жана анкета толтуруу.
  • Толтурулган жана басылган арыз формасын, керектүү документтер көчүрмөсүн, Кыргыз Республикасындагы Индиянын элчилигине алып келүү. Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү 100-А.
  • Документтерге болгон талаптарды, арызды толтуруу эрежелери, окуу жайлардын тизмеси туралуу толук маалыматты Индиянын маданий кызматташуу кеңешмесинин (ICCR) сайтынан таба аласыз iccr.gov.in.

 

Россия Федерациясынын Тышкы штер министрлигинин Дипломатиялык академиясында билим алуу

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы (КР ТИМ ДА) КР ТИМ жана РФ ТИМдин ортосундагы кызматташтык Программасынын чегинде КР жарандарын РФ ТИМ Дипломатиялык академиясына окууга абитуриенттердин документтерин 2018-жылдын 04-майдан 24-майга чейин төмөнкү программаларга кабыл алат:

  • Бакалавриат (экинчи жогорку)
  • Магистратура
  • Аспирантура

Конкурстук тандоо сыноолору тест түрүндө өтөт: англис тилинен ( АУЦАда) же немец/француз тилинен (КР ТИМ ДАда) жана эссе жазуу (КР ТИМ ДАда).

Тандоону ийгиликтүү өткөн талапкерлер кирүү сыноосун Москва шаарында өтүшөт:

2018-ж. 11-17- августта: бакалавриат – орус тили, магистратура — орус жана чет тили;

2018-ж. 12-21-сентябрда: аспирантура – баштапкы аңгемелешүү профилдик кафедрада (документтерди тапшыруунун алдында); атайын предмет, чет тили, философия.

Москва шаарында окуган же иштеген КР жарандары үчүн баштапкы аңгемелешүү 2018-жылдын май-июнунда өткөрүлөт.

Билим программасынын тизмеси, мөөнөтү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу эрежелери жөнүндө толук маалымат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин www.mfa.gov.kg жана КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын: www.dipacademy.kg сайтында жарыяланат.

Байланыш телефондору: 0(312) 62 11 40, 62 27 48.

Ийгилик каалайбыз!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыздар менен тааныша албаган жигиттерге кеңеш

Кыздар менен тааныша албаган жигиттерге кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.