
Чехияга окууга өтүүнүн бир канча жолу бар. Келишимдик жана бюджеттик негизде тапшырса болот. Мыкты окусаңыз, бекер билим алууга мүмкүнчүлүктөр көбөйөт.
Кандай жолдор бар?
Тапшырган университетке, тандаган адистикке жараша документ топтойсуз.
- Чехиянын мамлекеттик университеттеринде окуу бекер. Болгону В1 деңгээлиндеги экзаменден өтүшүңүз керек.
- Чех тилин өздөштүргүңүз келсе Прага жана Брно шаарын тандаңыз. Курстарга акы төлөнөт.
- Англис тилинде билим алууну кааласаңыз — TOEFL iBT min.71/IELTS 6.0 даражадагы сертификат керек.
Негизги документтер топтому:
- Толтурулган анкета (даяр анкетаны университеттин расмий сайтынан аласыз)
- Мотивациялык кат
- Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү
- Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, англис тилине которулган аттестат же диплом.
Мамлекеттик университетте англис тилинде окуйм десеңиз, нострификация (дипломду тастыктоо) экзаменинен өтөсүз.
Акча, турак жай жана тамак-аш маселеси
- Чех элчилиги ар бир чет элдик студенттин жанында бир жылга 85 800 чех крону (263 087 сом) болушун талап кылат. Андыктан окууга тапшырып жатканда акчалай мүмкүнчүлүгүңүздү эске алыңыз.
- Университеттер жатакана берет. Тамак-аш жана жол кире акысы студенттин чөнтөгүнөн.
Визаны кантип ачса болот?
- Университет сиздин окууга өткөндүгүңүз тууралуу чакырууну жана документтердин түпнускасын (DHL, FEDEX ж.б.) почта каттамдары аркылуу кыргыз почтасына жөнөтөт. Аларды алып окуу визасын ачасыз.
- Виза ачуу бир айда бир жолу гана болот. Элчилик каттоодон өткөн талапкерди Астана шаарындагы кеңсесине маектешүүгө чакырат.
Ийгилик!







