AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бутту күнгө күйүүдөн сакташ керек. Флеболог варикоз тууралуу айтып берди

Бутту күнгө күйүүдөн сакташ керек. Флеболог варикоз тууралуу айтып берди

9 июля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Күнгө күйүү варикозу бар адамдын ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу хирург-флеболог Аматов Медер айтып берди. 

— Варикоз деген эмне?

— Варкиоз — бул, жөнөкөй тил менен айтканда веналардын кеңейип кетиши. Буттун варикозу башкаларга салыштырмалуу аябай көп кездешет. Пайда болуу себептери көп, биринчи орунда тукум куучулук турат, андан кийинки орунда жашоо образы, кесиби кетет. Айталы, оор жумушта иштесе, кыймылдабай кечке отурса, ашыкча салмагы болсо ж.б. 

— Варикоз бутта гана болбосо керек?

— Ооба, варикоз бутта гана болбойт. Аялдарда «малый тазында», цирроз болгондордо кызыл өңгөчүндө, ич жактарында болот, түрлөрү көп.  

— Айрымдар, варикоз улгайган адамдарда гана болот дешет, бул чынбы?

— Жок, бул туура эмес. Тукум куучулук фактору күчтүү болгондо, 10-11 жаштагы балдарда дагы кездешет. 

— Варикоз бар экенин кантип билсе болот? Белгилерине токтоло кетсеңиз.

— Бут шишип баштайт, кечке маал бут кийимге батпай калат, талып ооруйт, бутту бийик көтөрүп жатса аябай жеңилдеп калат, майда кан тамырлар жылдызча сымал болуп кеңейе баштайт, эң акырында веналар торсойуп чыгып калат. 

— Туура эмес бут кийим варикоздун пайда болуусун шарттайбы?

— Жок, бут кийим таасир деле бербейт. Туура эмес бут кийим май тамандуулукка, омурткаларга таасир берет.

— Диагноз кантип коюлат?

— Алгач бейтап флебологго кайрылат. Адис кан тамырларды УЗИ менен изилдейт. Варикоздун алты деңгээли бар. Ошолорго жараша дарылануу жазып берилет. 

— Операция канча сом?

— Азыр заман өнүккөн. Мурдагы методдор дээрлик колдонулбайт. Бизге дагы жаңы аппараттар келген. Наркозсуз эле лазер менен жасайбыз. Бирок, лазер технологиясы арзан эмес, 30 000 сомдон башталат. Шрамдар калбайт, бейтап ошол күнү эле үйүнө кетет. 

— Алдын алуу жолдоруна токтолсоңуз.

— Жумушу оор болсо бат кыймылдап туруш керек. Эң жөнөкөй көнүгүү — жарым саат сайын тепкчитен өйдө-ылдый түшүү. Балтыр жакшы иштеш керек. Сууда сүзүү, велоспорт варикозду алдын алуу үчүн эң жакшы спорт. Ал эми бир орунда туруп оор көтөргөн спорт түрү сунушталбайт. Түндө бутту өйдө көтөрүп жатуу керек. Ашыкча салмак болсо, анда андан арылуу. Мөмө-жемиштерди көп жеп, суюктук көп ичүү сунушталат. Суюктук көп ичкенде кан ошончо суюк болуп, жакшы жүгүрөт.  Ошондой эле күнгө күйүү сунушталбайт. Суудан чыккандан кийин бутка дароо сүлгү оронуп алыш керек. 

— Варикоз үчүн чулкилерди дагы сурай кетсек.

— Операция жасаткандан корккондорго экинчи метод сунушталат, ал ошол эле чулкилерди кийүү. Бирок, чулкини тандаганда аны өмүр бою кийиш керек, ал эми операция жасатсаң, бир эле кутуласың. Чулки калыбына келтирбейт, алар жөн гана варикозду өрчүтпөй кармап турат. 

Белгилер: Ооруба
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм "мени багат" деген тилек менен мага үйлөнгөн экен

Күйөөм "мени багат" деген тилек менен мага үйлөнгөн экен

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.