AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бул сүрөттү тартсаңыз

Бул сүрөттү тартсаңыз, кандай адам экениңиз билинет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бул абдан кызыктуу психологиялык тест. Жыйынтыктары так болсун десеңиз, алдын ала жоопторду карабаңыз.

Тигинен жайгаштырылган актай баракка ойдон чыгарылган жаныбар тартыңыз: мышык эмес, балык эмес, пил эмес, кыскасы болушу мүмкүн эмес бир жандык. Тапшырманы аткарууга бир нече мүнөт берилет. 

Жыйынтыгы

— Жаныбар барактын кайсы бөлүгүндө жайгашкан:

  • Борборунда болсо — өзүңүзгө болгон баа адекваттуу.
  • Сүрөт барактын жогорку бөлүгүн ээлесе — өзүңүзгө болгон баа өтө эле жогору. 
  • Төмөн бөлүгүндө болсо — албетте, төмөн.

— Жаныбардын башы солго бурулса, жаныңызды кыйнаган ойлор жөнүндө көп ойлоносуз.

— Жаныбардын башы оңго бурулса, жакшы ойлорду ойлойсуз.

— Жаныбардын жүзү толук көрүнүп турса, «дүйнөнүн борбору мен ганамын» деген аша чапкан эгоистсиз.

— Жаныбарга кулак тарткан болсоңуз, маалымат алууга кызыкдар адамсыз.

— Оозу ачылып, тили чыгып турса, ойлонбой көп сүйлөйсүз. Оозу ачык, штриховкаланган болсо, жашооңузда акыркы орунда коркуу турат. Арсайган тиштери менен болсо, агрессивдүү адамсыз.

— Көзү канчалык чоң жана жакшы тартылса, коркуу менен тынчсыздануу сизге басым кылып турат. 

— Кирпиктери узун жана калың болсо, башкалардын алкышына муктажсыз, сырткы келбетиңизге көбүрөөк маани бересиз.

— Мүйүз, тырмактар, апсыйган жүндөр, ийнелер — агрессиянын белгиси. 

— Калкан, чопкут, раковина — алсыз, коргоого муктаж экениңизди көрсөтүп турат. 

— Тарткан жаныбарыңыздын тамандары чоң жана күчтүү болсо, баарын таразалап чечим кабыл алган адамсыз.

— Буттары алсыз же жок болсо, жеңил ойлуусуз.

— Буттары кылдаттык менен тулку боюна байланышып турса, айткандарыңызды көзөмөлдөп, кабыл алган чечимиңизге жоопкерчилик аласыз. Ал эми, эптеп-септеп байланышып турса, ойлонбой чечим кабыл алып, кийин өкүнүп каласыз.

— Ошондой эле, денесинде канат, мурут, чылбыр, тумшук сыяктуу атрибуттар бар болсо, алар көп жана өтө эле кооздолсо, сиз үчүн коомдогу статусуңуз көбүрөөк мааниге ээ. Башкача айтканда, сизге сахна гана эмес, көрүүчү да керек.

— Жаныбарды ар бир деталдарына чейин көңүл буруп тарсаңыз, активдүү энергиянын ээсисиз. Жөнөкөй тартылган сүрөт болсо, күчүңүздү ашыкча короткуңуз келбейт, энергия жетишсиз. 

Кызыктуу бекен? Досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз. 

Бул буюмдарды көрдүңүз беле? Тесттен өтүп, бир эске салыңыз

Дарбыз тандаган колумдан келет десеңиз, бул тесттен өтүп көрүңүз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Улуттук баш кийимдерди тааныйсызбы? Кыйындыгыңызды тест менен далилдеңиз

Улуттук баш кийимдерди тааныйсызбы? Кыйындыгыңызды тест менен далилдеңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.