Кээде балаңызга сүйүүңүздү кандай сөздөр менен билдирүүнү билбей каласызбы? «Азамат», «жакшы» деп айткандан тажадыңызбы? Анда бул сөздөр сизге жардамга келет.
— Ачууланган — нормалдуу. Мен сага тынчтанууга жардам берем.
— Кайгырган — нормалдуу. Мен жаныңдамын.
— Мага кандай болсоң, ошондой жагасың.
— Мен угуп жатам.
— Мен бул жердемин.
— Сен мени бактылуу кылууга милдеттүү эмессиң.
— Сен мен үчүн маанилүүсүң.
— Мен сага ишенем.
— Мен сени менен сыймыктанам.
— Бул нерсе сенин колуңдан келет.
— Ката кетирген- нормалдуу нерсе экенин унутпа.
— Жардам сураган — нормалдуу нерсе.
— Мени кечирип койчу.
— Сен татыктуусуң.
— Сенин апаң болуу — мен үчүн сыймык!
Эскерте кетели, ата-эненин сөзү баланын жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Сиздин эмне деп айтканыңыз, анын келечек жашоосун аныктайт.







