AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бул нерсени жасагандан кийин аялым экөөбүз балалуу болдук

Бул нерсени жасагандан кийин аялым экөөбүз балалуу болдук

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет дагы бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Анализдериңерде эч кандай көйгөй жок. Баары жакшы, жок, баары сонун.

— Анан, эмне дейсиз? 

— Күткүлө. Кээ бир учурда медицина алсыз болуп калат.

— Күткүлө? Дагы канча?

— Муну так айталбайм, кечирсиңер, кийинки бейтап кирсин, убактыңар болуп калды.

Экөөбүз жетелешип чыктык. Унчукпай барып машинага отурдук. Унчукпай барып бир кафеден тамак жедик. Кайра базарга түштүк. Чынын айтканда, үйгө барбаштын айласын жасап ар жакты кыдырып жүрө бердик. Барганда эмне, апам урушуп тосуп алат.

— Эмне! Күткүлө дедиби? Эмне деген врач!

— Апа, баштабаңчы, ансыз дагы баш ооруп турат.

— Башың ооруса оорусун, качан балалуу болосуңар!

Апам келинчегимди жактырбаганын, мени урушканын койбоду. Тажап кеттим. Жумуштан келсең маанайы жок аялым тосуп алат. Апам дагы ыраазы эмес болуп, сүйлөнүп жүргөн болот. Башынан бери аялымдын жанын койбоду. Жакшы да, жаман да суранып көрдүм. Койбоду. Мээсин эле жей берет. Тажап кеттим. Тынч бактылуу жашагым келет.

Келинчегине тартып жатат дебегиле. Тарта тургандай эле жар. Сонун адам. Апама бир ашыкча сөз айтпай, жактырбаса дагы чайын сунуп турат. Анын бир катасы, апамдын курбусунун кызы эмес. Мага ошол кызды алып берем деген. Аны менен жолугуп көргөм. Бирок, дароо эле менин адамым эмес экенин түшүнгөм. Өмүр бою жактырбаган адам менен жашай албайт элем. Туурабы? 

Бөлүнөлү деп чечтим. Мен чечим кабыл алдым. Батир таап, кечинде жумуштан келип аялыма кийимдерди чогулт дедим. Апам аны жакшы көрөрүмдү айтып, бирок мындан ары минтип жашай албасымды түшүндүрдүм. Апам унчукпады, урушпады, жөн гана карап турду. Келинчегим кеткиси келбей турду. 

Келинчегим чыгып баратып, «апа, тамак ысып калды, ичип алыңыз» деди. Биринчи жолу апам макул деп, башын ийкеди. 

Мендей болуп бөлүнгүлө дебейм. Чогуу бактылуу жашап жаткан үй-бүлөлөргө суктанам. Аттиң, силердин ордуңарда болсом. Бирок, чоң киши катары өз  жашоомо жоопкерчилик алууну чечтим. 

Жумуштан келсем аялым ыйлап тосуп чыкты. Эмне болгонун сурадым. Коркуп кеттим. 

Баягы врачтын кабинети.

— Акыркы убакта жашооңордо бир нерсе өзгөрдү беле?

— Ооба, өз алдынча бөлүндүк.

— Аялдын боюна бүтпөгөнүнүн бир себеби стресс экенин билчү белеңер?

— Жок.

— Анда, куттуктайм, ата, апа болосуңар.

Аялым ыйлап жатты. Мен шок. Бул күндү канча күткөм. Бирок мындай болот деп ойлобогом.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Үч жаштагы балам негатив сөздөрдү көп айтат. Эмне кылсам болот?

Үч жаштагы балам негатив сөздөрдү көп айтат. Эмне кылсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.