Салам, достор! Психолог Тамара Воронцова альфонс жигиттерди канти п билсе болору тууралуу кеңештери менен бөлүштү. Сүйүп, анын үстүнө алданып калгыңыз келбсе, бул маалыматтарды сактап алыңыз.
Альфонстун белгилери кандай болот?
— Биринчи жолугушууда өзүн идеалдуу алып жүрөт, жакшынакай кийинип, кымбат ресторанга чакырат жана өзү төлөйт. Эпсиз жигиттерден айырмаланып, ката кетирбейт.
— Кийинки жолугушууларда капчыгын унутуп калганын, төлөп койсоңуз, кийинчерээк бере турганын айтат. Кийин, ал жөнүндө унутуп коёт, эскертсеңиз, эң маанилүүсү акча эмес мамиле экенин айтат.
— Акча сурайт, көйгөйлөрү, карыздары тууралуу айтып баштайт. Көп учурда убактылуу иштебей жүргөнүн же азыр эле жумуштан бошогонун, бир долбоордун үстүндө иштеп жатканын, ага сиз гана дем күч бере аларыңызды айтат.
— Достору, үй-бүлөсү жана кесиптештери менен тааныштырбайт. Мурунку жашоосу тууралуу сөз кылбайт.
— Социалдык тармактарда катталган эмес, аны жактырбай турганын, убакыты текке кетээрин айтат.
— Биринчи жолугушууда сүйүү, мамиле жөнүндө көп сүйлөйт, “айым”, “күнүм” ж.б деп эркелетет.
— Майрам күндөрү чоң белек берүүңүздү эскертет.
Альфонспу же жокпу кантип текшерсе болот?
— Айткандарынын баарына ишене бербеңиз. Ар бир жигит тууралуу маалымат издеңиз: достору, тааныштары, жумушу ж.б.
Күмөн жаратып жатса, ата-энеңиз же өзүңүз карызга батканыңызды, унааңызга насыя төлөөрүңүздү, бизнес үчүн ипотека алганыңызды ж.б айтыңыз.
— Жигитке эч качан акча бербеңиз! Бере турган туугандары жана достору бар!
— Биринчи шек санаган учурда эле мамилени үзүңүз. Антпесе, алардын далилдерине, суранычтарына каршы туруу кыйын болгондуктан, акчаңызды, мүлкүңүздү жоготуп аласыз. Альфонстор аяганды билбейт!
А сизге бул белгилер таанышпы?







