AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бул 5 ыкманы колдонсоңуз

Бул 5 ыкманы колдонсоңуз, үй-бүлөлүк бюджетиңиз көбөйөт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үй-бүлөлүү болгон ар бир жоопкерчиликтүү адам эртеби-кечпи үй-бүлөлүк бюджетти кантип үнөмдөөнү ойлоно баштайт. Эң негизги суроо: Акча тез сарпталбашы үчүн эмне кылуу керек? Бүгүн ушул тууралуу айтып беребиз.

Дүкөнгө барганда 

Үй-бүлөлүк чыгымдар тизмесинин биринчи орунунда, дүкөнгө баруу, тамак-аш сатып алуу турат. Дүкөнгө барганда сөзсүз бул кеңештерди эске алыңыз:

• Гипермаркеттерге тизме менен гана барыңыз. Бул ыкма  керексиз нерселерди сатып алууга бөгөт коет жана эң керектүү нерселер менен гана чектелүүгө жардам берет. Товарлардын тизмеси менен эмне сатып алууну жана кайсы бөлүмгө өтүүнү так билесиз.

• Алдын ала кесилген же кабыгы тазаланган тамактарды сатып албаңыз. Биринчиден, сиз кызмат үчүн ашыкча төлөйсүз. Ал эми экинчиден, мындай продукциялар азыраак сакталат.

• Супермаркеттеги продукцияларга көңүл буруңуз. Алар башкаларга караганда арзан, бирок андан да жаман эмес.

• Акциядагы товарларды деле байкап көрүңүз. 

Тамак жасоо

Үй-бүлөлүк бюджеттин ашыкча чыгашаларынын бири — кафелерде, тамактануучу жайларда жана башка жерлерде тамактануу. Бул ден соолугуңузду гана бузбастан, үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөөгө да терс таасирин тийгизет. Үйдө тамак жасап жегенди эрежеге айландырыңыз. Үйдө тамак жасап, жумушка алып барууга жеңиз. Сиз туура тамактанып, кафе/ресторанга барганда жумуш убактысын үнөмдөп, ошол эле учурда ашыкча акча коротпойсуз.

Кийим

Кооз, ошол эле учурда үнөмдүү кийинүүнү үйрөнүңүз:

• Гардеробуңуз үчүн негизги буюмдарды сатып алыңыз жана ар бир сатып алуу жөнүндө ойлонуңуз. Сизге буюмдун такыр кереги жок экенин билип туруп, жарнамалык маркетинг трюктарына түшпөңүз.

• Бутиктерден жана массалык базарлардан эмес, интернеттен издегенге аракет кылыңыз. Сайттардан кийим сэкондхенддерге  баруудан тартынбаңыз. Бул түрдөгү дүкөндөрдө сиз жакшы баада сапаттуу, жаңы, ал тургай фирмалык буюмдарды таба аласыз.

Жеке чыгымдар

Үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөөгө жардам берген кээ бир адаттардан баш тартыңыз. Биринчиден, жаман адаттар: тамеки чегүү, алкоголь. Бул териңиздин, тишиңиздин, чачыңыздын жана тырмактарыңыздын көрүнүшүнө таасир этет. Мындан баш тартуу менен сиз косметикалык буюмдарга азыраак акча корото аласыз. Мындан тышкары, кымбат баалуу косметика жана кремдердин аналогдорун табыңыз. Алар ар дайым рынокто бар жана бренддик косметикадан жаман эмес.

Эс алуу

Активдүү жана шайыр болуу үчүн адамга эс алуу керек. Эс алууңузду алдын ала пландаштырыңыз: мейманкананы ээлөө, билеттерди сатып алуу ж.б. Бир бөлмөнү жана билеттерди алдын ала брондоо менен, сиз олуттуу сумманы үнөмдөйсүз. Шаардагы бекер иш-чараларды издеңиз, анткени музейлер жана галереялар көбүнчө эшигин бекер ачышат.

Үй-бүлөлүк бюджетти кантип үнөмдөө боюнча кеңештерибиз пайдалуу болот деп ишенебиз.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Күйөөмдүн көзүн карабай калгандан бери жашоом өзгөрдү

Күйөөмдүн көзүн карабай калгандан бери жашоом өзгөрдү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.