AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бул 5 сөздү эч качан сүйүктүүңүзгө айтпашыңыз керек

Бул 5 сөздү эч качан сүйүктүүңүзгө айтпашыңыз керек

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Биз силер менен пайдалуу маалыматтарды бөлүшкөндү улантабыз. Бүгүн ортодо түшүнбөстүктөр пайда болгондо, сүйүктүүңүзгө кандай сөздөрдү айтпаш керек экенин айтып беребиз. Эч качан урушпаңыз, диалог курганды үйрөнүңүз. 

1. Баарына сен күнөөлүүсүң!

Айыптоолор сизге же өнөктөшүңүзгө пайда алып келбейт. Пайда болгон түшүнбөстүктөргө чындап эле сүйүктүүңүз күнөөлүү болсо дагы. Акылдуу болуңуз, отко май тамызбаңыз. Кийинчерээк, ачуулар басылганда, тынч сүйлөшүп, ким күнөөлүү, эмне кылуу керек экенин тактаган жакшы. 

2. Ал мен үчүн ар дайым мындай кылчу

Эч качан, эсиңизде болсун, эч качан, мурунку сүйлөшкөн адамыңызды айтпаңыз. Жакшы жагын дагы, жаман жагын дагы. Өнөктөшүңүз аны унута албай жүрөт деп ойлоп калат. Сүйүктүүңүздү «идеалдуу» бирөө менен салыштыра берсеңиз, анда комплекстер пайда болот. Эгер өнөктөшүңүздүн жүрүм-турумун өзгөрткүңүз келсе, чын жүрөктөн сүйлөшүү же жумшак сөздөр менен көндүрүү сыяктуу маданияттуураак ыкмаларды колдонуп көрүңүз.

3. Болбогон кепти айтпачы

Эгер сиз аны менен мамиле курууга аң-сезимдүү түрдө макул болсоңуз, анда өнөктөшүңүздүн интеллектуалдык деңгээлинен кабарыңыз бар. Ошондуктан, сиздин оюңузча анын айткандары, ойлору, иедялары күлкүлүү болсо дагы, аларды кемсинтип же шылдыңдап сүйлөбөшүңүз керек. Бул учурда сүйүктүү адамыңыз жабылып, сиз менен эч нерсе бөлүшкүсү келбей калат.  

4. Колуңдан эч нерсе келбейт

Мындай нерселерди эч качан айтууга болбойт. Жана өзүңүз жөнүндө дагы мындай ойлобоңуз. Аракет кылганы үчүн ыраазычылык билдириңиз, аракети үчүн мактоо айтыңыз. Ал эми бир нерсе болбой калса, анда эч кандай мааниге ээ эмес, чогуу кырдаалдан чыгуунун жана көйгөйдү чечүүнүн жолун таба аласыңар.

5. Мен сага айткам

Каардуу желмогузга айланбаңыз жана бул сөздү түбөлүккө унутуңуз. Бул сизге эч кандай жакшылык алып келбейт. Адамдын баары эле ката кетирет, эч нерсе кылбагандар гана ката кетирбейт. Өнөктөшүңүз ката кетирип, алардан туура сабак алсын. Сиздин милдетиңиз — айыптоо жана жеңишке жетишүү эмес, колдоо жана сүйүү. Жылмайып сүйүктүүңүзгө кийинки жолу сөзсүз ийгиликке жетерин айтыңыз.

Макала бул жерден алынды. 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Атам менен жай отуруп сүйлөшкөндөн кийин жигитимди таштадым

Атам менен жай отуруп сүйлөшкөндөн кийин жигитимди таштадым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.