AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бул 5 себеп эмнеге акча чогултай албай жүргөнүңүздү билдирет

Бул 5 себеп эмнеге акча чогултай албай жүргөнүңүздү билдирет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ар бир айлыктан кичине алып коем деп айта берип тажадыңызбы? Акча чогултуп баштасаңыз эле бир көйгөйлөр чыгып калабы? Же жөн эле чогулта албай жүрөсүзбү? Анда себебин төмөндөн окуңуз.

Кирешеңиз өтө аз

Сиздин бир гана киреше булагыңыз. Анысы аз келгенсип, ал кирешеңиз айлык муктаждыктарыңызга зорго жетет. Май болсо туз жок, туз болсо нан жок дегендей. Анан кантип чогултмак элеңиз, туурабы? «Айлыгым аз, ошон үчүн акча чогултпайм» деп шылтоо айтып отура бергенден пайда жок. Алгач кирешени көбөйтүү керек. Ойлонуңуз. 

Аз кирешеге көнүп калгансыз

«Акча жок» деп айта берип, акыры өзүңүз ошого ишенип калгансыз. Анан үнөөмдөөнүн ордуна, бат эле багынып берип койгонсуз. Акчаны үнөмдөөгө болобу же жокпу, чыгымдарды изилдегенден кийин гана билинет. Чыгашалардын тизмесин түзүп, баарын карап чыгыңыз. Баш тарта турган чыгашалардан баш тартыңыз. Аракет кылбасаңыз, бирөө сизге алып келип бербейт. 

Акчаны кантип сактоону билбейсиз

Акча сактаганды, кадимкидей эле басканды, кашык кармаганды, окуганды үйрөнгөн сыяктуу үйрөнүш керек. Туруп-туруп эле акча топтой баштабайсыз. Китептерди окуңуз, интернеттеги эксперттердин видеосун көрүңүз. Мүмкүнчүлүктөр толтура, азыр «жок» деген шылтоо айтуу уят. 

Акчаны кир деп ойлойсуз 

Байларды жек көрөсүз. Акчаны колдун кири дейсиз. Оюңузда көп акча, бул жаман деген ой жатат. Булардан дароо арылыңыз, болбосо акча топтой албайсыз. Сиз деле баарына татыктуусуз. Балээнин баары башта экенин унутпаңыз. Акчага сый мамиле кылыңыз. 

Максатыңыз жок

Эмне үчүн жасап жатканыңыз түшүнүксүз болсо, үнөмдөө кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан, акчаны эмне үчүн сактап жатканыңызды түшүнүү маанилүү. Анын үстүнө, бул абстракттуу максат эмес, ага жетүү үчүн конкреттүү план коюңуз. Мисалы, сиз кыялданган эс алуу үчүн акча топтоп жатасыз. 100 миң керек. Билеттердин баасы канча экенин билип эле тим болбостон, ай сайын канча бөлүү керек экенин жазып, план кантип жылып жатканын байкап турсаңыз жакшы болот. 

Эң көп канча акча топтодуңуз?

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Бул 5 ыкма депрессиядан чыгууга жардам берет

Бул 5 ыкма депрессиядан чыгууга жардам берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.