AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бул 4 сөз балаңыздын келечегин талкалайт

Бул 4 сөз балаңыздын келечегин талкалайт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Балаңыз сабактан төрт алып келди же мектептеги жарыштан экинчи орунга ээ болду. Ал эми сиз эмнегедир ыраазы болбой, “Жакшы, бирок тигинин баласы күн сайын беш алат экен” дедиңиз. Анда сиз — нарцисс – ата-энесиз!

Адатта мындай ата-энелер өз максаттарына жетүү үчүн баланы ар түрдүү жолдор менен манипуляциялайт. Алар балдарына боор ооруп, кайгысын тең бөлүшө албайт, бирок, эксплуатацияга алып, басынтканды жакшы билишет.

  1. “Аның мактанаарлык деле нерсе эмес, эгерде олимпиададан ийгиликке жетишсең башкача болмок…”

Нарцисс – ата-энелер баласын  келечекте юрист катары көрүп, анын таланттуу сүрөтчү экенин эске алышпайт. Ал ата-энесинин сүйүүсүнө татыктуу болгусу келип,  алардын каалаган образын түзө баштайт.

Баланын жетишкендиктери ата-энесине жакпаса, анда алар ошол замат  сындап, башкалар менен салыштырып, көрмөксөн болуп, аларга капа болгонун айта башташат.

Бала өзүн күнөөлүү сезип, кандай болсо да ата-энесине жагууга аракеттенет. Эң кызыгы, эгерде бала ата-эне койгон максатка жетсе, ага жаңы максат коюлуп, мурунку ийгиликтери жокко чыгарылат, башкача айтканда: “бул мактанаарлык нерсе эмес, эгерде олимпиададан ийгиликке жетишсең башкача болмок…”

  1. “Эмнелерди эле ойлоп чыгып жатасың! Андай болгон эмес”

Бул газлайтинг деп аталат — эмоционалдык зомбулук, манипулятор курмандыгына түзүлгөн кырдаалды кабыл алуусу туура эмес экенин айтат. Мунун негизги максаты – адамды өзүнө кем акыл кылып көрсөтүү.

Нарцисс – ата-эне көп учурда баланын сезимдерин сынга алат. Көпчүлүк учурда: “Өзүң күнөөлүүсүң”, “Сен баарын апыртасың”, «Мен эч качан антип айткан эме6смин»,  “Мындай болгон эмес» жана башка ушул сыктуу сөздөрдү айтат. Натыйжада, бала өзүнөн-өзү күмөн санай баштайт, бойго жеткенде өзүнө жана абалга болгон кабылдоосуна ишенбей калат.

  1. “Апаңды ойлосоң боло! Ал муну укса…”

Ата-эне менен баланын ортосуцндагы ишенимдүү мамилеле балага туруктуулук жана коопсуздук сезимин берет. Ал эми нормалдуу эмес мамиле – чагымчылдыкка толгон. Нарцисс- ата-энелер үчүнчү тараптын пикири аркылуу өзүнүн айтканын далилдеп жана көзөмөл кылууну каалайт. Мындайча айтканда, манипулация аркылуу баланын туура эмес кылып жатканын айтып, өзүнөн жана сезимдеринен шек санатат. Мисалы, “чоң энең бул жоругуңду угуп, жаман болду”, “мындай кылганыңды көргөн атаң, сени бала кылбай коёт” жана башка.

  1. “Сен мындан да жакшы кыла алмаксың”

Нарцисс-ата-эне баласы кандай ийгиликтерди багынтпасын ыраазы болбойт. Башкаларга боору оорубайт, ага бир нерсе түшүндүрүүгө аракет кылуунун пайдасы жок. 

Ата-энең нарцисс болсо эмне кылуу керек?

Жаш балдар ата-энесине каршы чыга алышпайт. Өспүрүмдөр жана чоңдор абалды өзгөртүүгө аракет кылып көрсө болот, бирок, абдан кыйын экенин эске алуу керек.

  • Бойго жетип, өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүк болсо, бөлүнүп кетиңиз.
  • Ата-энеңизден бөлүнүп кетүүгө азырынча шартыңыз жок болсо, алардын айткандарынын баарына ишене бербеңиз.
  • Газлайтингге жана сизди жокко чыгаруу аракеттерине мүмкүнчүлүк бербеңиз.
  • Талашып-тартышып, аларды ишендирүүгө убара болбой эле коюңуз.
  • Айткандарына макул болуп, кулак сыртанан өткөрүңүз.
  • Өзүңүздүн чек араңызга эч кимди өткөрбөңүз.

 

 

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Ишенбейсиз

Ишенбейсиз, бирок студенттер үчүн бекер интернет пайда болду

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.