Саламатсызбы! Үй-бүлө курганыбызга бир айдан өтүп калды. Жашоо шартыбыз жакшы. Көйгөйүм, этек кирим кечигип жатканынан бир жума мурун үйдөн тест салып көрдүм. Көрүнүп көрүнбөгөн эки сызык чыкты. Ишенбей экинчи жолу жасадым. Экинчи тест толук көрсөттү. Жолдошум уккандан кийин кубанычы койнуна батпай калды. Жети күн өткөндөн кийин кан аралаш суюктук келди. Ичим ооруп төшөктөн тура албай жатам. Биринчи кош бойлуулугум болгондуктан көп нерселерди анча билбейт экем. Москва жергесинде болгондуктан азыр бейтапканага барганы шартыбыз жок. Алдын ала ыраазычылык билдирем.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







