Саламатсызбы. Мен аябай психологдун кеңешине муктажмын. Жашым 31де, үч уулум бар. Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз, үйдүн кичүүсүбүз, кайын энем менен бир турабыз. Акыркы күндөрү анын катаал мамилесине чыдабай калдым. Мурун үндөбөй кутулчу элем. Акыркы кезде айтышып кетмей болдум. Болушунча карманайын дейм, бирок болбой калды.
Кайын эжем, кайын агаларым болуп бир айылда турабыз. Ар кимиси каалаган учурунда келип кете беришет. Жакын болуп, күндө көрүшсө деле телефон менен кечке сүйлөшөт. Үйдө болуп жаткандын бардыгын айтып берет.
Карантин учурунда ого бетер эригип, мага асылганды эрмек кылып алды. Эч жака кете албайсың дегенчелик кылып, мурункудан да күчөдү.
Мен кетким келбейт, күйөөмдү жакшы көрөм, экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Аны аяп, көп нерсе айтпайм, сөз ташыгым келбейт.
Мага болгону кеңеш айткылачы, кайын энем менен кантип тил табышам? Кантип үй-бүлөмдү сактап калам?







