Саламатсызбы! Мен эмне кыларымды билбей башым катып калды. Кеңеш берип коюңузчу. Жашоомду жакшы жака, же жаман жака бурган чечимди чыгара турган абалдамын. Жигитим менен сүйлөшкөнүмө үч жылдай болуп калды. Үйдөгүлөрдүн, тууган-туушкандардын баары билишет. Быйыл үйлөнөлү деп жатканбыз. Баш кошорубузга аз калганда үй-бүлөсүндө болгон нерсенин бардыгын ачык айтып берди. Ата-энеси 2-3 жылдан бери аракты токтотпой ичип жатышыптыр. Үйүндө күндө ызы-чуу экен. Жигитим кичүүсү, аябай жакшы бала. Бир туугандары дагы жубайлары менен ата-энесинин айынан ажырашып кетишиптир. Жеңеси менен жакшы сүйлөшөт элем, «сага кеңеш берейин, жакшылап ойлон»,-деди. Мен ата-энем менен кеңешейин деп ата-энеме айтсам, «кийин кыйналып каласыңар, ата-энесинин колдоосу жок аябай эле кыйын»,-дешти. Анан дагы «биз жакшылык, жаманчылыкта катышып турган куда сөөктү болгубуз келет»,- деп жатышат. Мен өзүм жакшы турган жердин кызымын. Эмне кылышты билбей калдым.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







