AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бойго бүтүүнү кантип пландаштыруу керек? Гинекологдон кеңеш

Бойго бүтүүнү кантип пландаштыруу керек? Гинекологдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бойго бүтүүнүн алдында эмнелерди билүү керек? Анын кандай кереги бар? Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ге гинеколог Светлана Коздрович айтып берди.

Пландаштырууну эмнеден баштоо керек?

Алгач аял өзү моралдык жактан жана физиологиялык жактан даяр болушу керек. Биздин коом жаштарга аябай басым кылат. Башкача айтканда, үйлөнүштүбү, болду,  9 айдан кийин балалуу болушун күтөт. Болочок ата-эненин моралдык, материалдык, физиологиялык жактан даяр болуусу, баланы каалоосу наристенин ден соолугуна, психологиялык жактан туруктуу болуусуна чоң таасирин тийгизет.

Идеалдуу пландаштыруу — бул бойго бүткөнгө чейин 2-3 ай мурун даярдык көрүп баштоо. Жубайлар толугу менен текшерүүдөн өтүп, дарылануу керек болсо дарыланып, бардыгы жайында болсо, витаминдерди ичип баштоосу керек.

Кандай витаминдер керек?

Фолий кычкылы – түйүлдүктүн нерв системасын калыптандырууда негизги азык болуп саналат, ошондой эле кан жаратуу процессин жакшыртат. Фолий кислотасынын жетишсиздиги кыр арка омурткасынын өрчүбөй калышына (спина бифида оорусу), эс тутумунун начар болушуна, аялдын өңүнүн кубарышына жана сепкилдин пайда болушуна алып келет. Фолий кычкылын гравидардык даярдык катары бойго бүткөнгө чейин үч ай мурун, кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин үч ай күнүнө 400 мкгдан ичүү керек.

Йод – бул микроэлементти калкан бези гормондорду иштеп чыгуу үчүн колдонот. Ал гормондор адамдын бардык системаларынын иштешине олуттуу салымын кошот. Биз эндемикалык райондо жашайбыз. Деңиз жээгинде жашап, йодду балык, балырды жеп тамак-аш аркылуу алган элдерден айырмаланып, биздин табиятта йод жокко эсе. Йоддун жетишсиздиги богок оорусунун пайда болушуна себепкер жана баланын акыл-эси кем төрөлүп калуу коркунучун жогорулатат. Йод микроэлементин бойго бүткөндөн тартып төрөгөнгө чейин күнүнө 200 мгдан кабыл алуу зарыл.

Темир — бул адамдын организмине керектелүүчү олуттуу микроэлементтердин бири. Темир организмдин кайра калыбына келүү процессин жакшыртат (метоболизм). Анын функциясы- кан аркылуу бардык органдарга жана ткандарга кычкылтек жеткирүү. Ал эми негизгиси — темир баланын мээсинин калыптануусуна, өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө жооптуу. Темир микроэлементи кош бойлуу айымдын организмине күнүнө 60 мгдан керектелет.

Эркек кантип даярданат?

Бойго бүтүүнү пландоого эркек да катышып, өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, витамин ичүүсү керек. Витаминдер комплексинде селен жана цинк сөзсүз болсун. Аталган элементтер сперматозоиддин сапатын жогорулатат. Себеби мырзалардын тамеки чегүү, ичимдик ичүү жана башка зыяндуу адаттары, стресс болушу, экологиянын начарлашы уругунун сапатын төмөндөтүүдө. 

Урологго көрүнүп, анализ тапшырып бир сыйра текшерилгени ашыктык болбойт. Спермограммага тапшырса, сперматозоиддердин сапаты, алардын активдүүлүгү, сперманын башынын, куйрукчасынын сапаты текшерилет.

Тамактануу

Бизде негизги басым эркекке жасалат. Башкача айтканда, эркек ток болушу керек, анын көңүлүнө жаккан тамак жасалышы керек, тамактын көбүрөөк бөлүгү эркекке берилиш керек деген түшүнүктөр калыптанып калган. Бул туура эмес. Эркек төрөбөйт. Атасынын гемоглобининин түшүп кетиши түйүлдүккө таасирин тийгизбейт. Анын организминдеги пайдалуу заттар, элементтер эч жакка кетпейт. Ал эми эненин ден соолугунан түздөн-түз көз каранды. Аялдагы витаминдердин бардыгы балага өтөт.

Ошондуктан кош бойлуу аял түрлөп тамактанышы керек. Бул ашыкча же көп дегендик эмес. Болочок эне туура тамактанып, рационунда эт, сүт азыктары (айран, быштак, сыр, йогурт, кефир ж.б.), дан азыктары (күрүч, гречка, буурчак, нокот ж.б.), жаңгактар (чеги менен), анан баарыбызга белгилүү болгондой, мөмө жана жер-жемиштер болууга тийиш.

Кош бойлуу айым 10-13-жумада так мөөнөтүн аныктоо үчүн, 18-20-жумада ымыркайдын өнүгүүсүндөгү кемтиктерди (порок развития) аныктоо үчүн УЗИге түшүшү керек. Бир ирет мите курттарга каршы препараттар ичилет.

Төрөттөрдүн ортосундагы аралык

Боюнда бар ар бир аял контрацепция каражаттары тууралуу билип, үй-бүлөнү пландоо ыкмаларын колдонушу керек. Андан тышкары аял төрөт үйүндө көз жаргандан кийин 2 сааттын ичинде спираль салдыруу мүмкүнчүлүгүн колдоно алат.

Төрөттөрдүн ортосундагы оптималдуу аралык 3-5 жыл. Себеби эмизип жаткан аял өзүнө жана кийинки баласына бере турган тиешелүү витаминдерди чогултуп жетишпейт. Ал эми кош бойлуу аял үчүн витаминдердин жетишсиздиги кандай кесепеттерге алып келери жогоруда айтылды.

Балдардын ортосундагы жаш аралыгы аз болгондо балдар да кыйналат. Үч жашка чейинки бала өзүнө жетиштүү көңүл жана көп убакыт бөлүнүшүн каалайт.

Дени сак, алты саны аман, акыл-эси жетилген балалуу болуу үчүн алдын ала даярдануу жана ден соолукка кам көрүү зарыл.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Өзүнөн 16 жаш улуу аялды сүйгөн студенттин баяны

Өзүнөн 16 жаш улуу аялды сүйгөн студенттин баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.