Мен 20 жаштамын, атам кичине кезимен бери эле ичип, апама тынчтык бербейт, ага кошуп байкем экөөбүздү да сабап салчу. Тапкан акчасынын барын өзүнө коротуп, биз ачка отруганда «крутой» машине тээп жүрө берчү. Бир жолу байкем апама болушуп, атама тап берсе, атам милицияга арыз жазып салган.
Азыр 20 жаштамын, байкем үйлөнгөн, барыбыз бир турабыз, атам дагы деле ичет. Апама боорум ооруйт. Кээде үйдөн кууп салсакпы деп ойлоном, бирок жашай турган жерибиз жок. Ошон үчүн чыдап жүрөбүз.
Психологдон кеңеш алып бергилечи?







