AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бишкек мэриясынын сайтында жарандар үчүн кандай маалыматтар бар? Анализ

Бишкек мэриясынын сайтында жарандар үчүн кандай маалыматтар бар? Анализ

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үйүңүздүн жанындагы жол качан оңдолот? Бишкектеги бак-дарактар суугарылабы? Сугат маселеси кантип чечилет? Борбордун инфраструктурасы боюнча эмне кеп? Бишкек шаарынын meria.kg расмий сайтын анализдеп, жарандар үчүн кандай пайдалуу маалыматтар бар экенин билип көрдүк.

Бишкек шаарынын тургундары мэриянын сайтынан кандай маалыматтарды күтөт?

  • Оңдолуп жаткан жолдордун тизмеси.
  • Кайсы жолдор качан оңдоло турганын көрсөткөн тизме.
  • Оңдолгон тротуарлардын тизмеси.
  • Шаардык бюджеттин кирешелери жана чыгашалары: статьялар жана суммалар боюнча ыңгайлуу таблица менен көрсөтүлүшү керек.
  • Муниципалдык мекемелердин картасы: даректери жана байланыштары.
  • Бош орундар жана аларга жарыяланган сынактар тизмеси.
  • Жаңы белгилер жана светофорлор кайсы жерге орнотулат.
  • Шаарды суу менен камсыз кылуу маселеси жана ал кандайча чечилип жатат.
  • Кайсы компаниялар шаарда эмне куруп жатышат.
  • Экология маселеси кандайча чечилет.
  • Чакан маселелердин чечилиши: булганган БЧК, Ататүрк паркын жакшыртуу ж.б.
  • Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын картасы.
  • Аялдамалардын картасы.
  • Шаардык мэриянын иш планы.
  • Муниципалдык менчикти кантип ижарага алууга болот: карта, баасы, даректери, шарттары, байланыштары.
  • Жер участоктору боюнча суроолор.

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайтаМожем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайтаМожем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Мэриянын сайтынан шаардыктар пайдалуу эмнелерди таба алышат?

Муниципалитеттин сайтындагы эң көрүнүктүү жерде жайгашкан баннер жөн гана сулуулук үчүн.

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Негизги менюда мэриянын жетекчилеринин өмүр баяны камтылган маалыматтар бар(бирок муниципалдык структуралардын башчыларын дел кошуп койсо ашыкча болмок эмес). Бош орундар, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн боло турган иш-чаралар жөнүндө билдирүүлөр (алар электрондук почта түрүндө баарына жөнөтүлөт) жана ар кайсы ведомстволордун көптөгөн муниципалдык кызматкерлеринин байланыштары жаңыртылып турат. «Шаардык окуялар» бөлүмүндө шаардыктар жөнүндө ар кандай окуялар жарыяланган.

Шаардын жашоочулары үчүн чындап эле пайдалуу болгон блок баннердин астында жайгашкан. Бирок колдонуу оңой эмес,менюнун жылдыруу үчүн курсорду колдонууга туура келет. Ал жерде эки бөлүм бар — «Call-center» жана «Сиздин сунуштарыңыз жана скайрылууларыңыз». 

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Мэриянын сайты аркылуу бала бакчалар жана мектептер үчүн электрондук кезекке туруу порталына өтсө болот.

Мэрия киреше жана чыгашалар, аукциондор жана акыркы сатып алуулар жөнүндө маалыматтар визуалдаштырылып жайгаштырылган малекеттик органдын бирден бир сайты. Бирок ал жактагы маалыматтар январдын аягынан бери жаңыланган эмес. Блокту дагы ыңгайлуураак кылып койсо болот. 

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Мэрия жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын бир бөлүгү жаңылыктар астындагы блокко жайгаштырылган. Башкача айтканда, бир бөлүгүн башкы менюдан, ал эми экинчисин барактын ылдый жагынан көрүүгө болот.

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Буйруктар жана регламенттер жазылган бөлүм көптөн бери жаңылана элек. Бирок ал жерде ыңгайлуу издөө баскычы бар.

Отчеттор тууралуу бөлүм акыркы жолу мэр Азиз Суракматовдун тушунда жаңыртылган. 

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Кызматтар бөлүмү толугу менен ыңгайлуу иштелип чыккан. Негизги беттеги бөлүмдү басуу менен, колдонуучу кызматтардын тизмесине өтөт, ал эми каалаган кызматты тандаса, кызматтын баалары жазылган баракча пайда болот.

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Төмөнкү оң бурчта 2020-жылы актуалдуу болгон, бирок сайттан али чыгарыла элек үч бөлүм бар.

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Мэриянын кызматтары жана структурасы бар бөлүмдөр жайгашкан блоктун астына, мэриянын ишмердүүлүгү жөнүндө мультимедиялык материалдар камтылган бөлүм киргизилген. Ал эми анын астында — жолдорду оңдоо иштери жөнүндө маалымат бар. Бирок кызыгы 2GIS кызматына өтөсүз.

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Анын астында өтө маанилүү бөлүмдөрү бар блок жайгашкан, бирок, тилекке каршы, анчалык маалыматтуу эмес. «Режим повышенной готовности» бөлүмү өзгөчө кырдаалдар жана COVID-19 боюнча брифингдери бар видеого алып барат. «Шаардыктарга жардам» эч жакка алып барбайт: портал өзгөчө кырдаал учурунда азык-түлүк пакеттерин алууга муктаж болгондордон арыздар кабыл алынып жатканда иштеген. «Коопсуз шаар» бөлүмүнөн картаны таба албайсыз, анын ордуна долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө сүрөтү бар релиз чыгат. Жол иштеринин жүрүшү жөнүндө маалыматтар түшүнүксүз болуп жайгаштырылган.

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Төмөндөн башка сайттарга алып бара турган баннерди таба аласыз. 

Можем ли мы получить информацию о функционировании Бишкека и планах мэрии? Анализ сайта

Эмне жетишпейт?

Сайтта «Туристтер үчүн эскерткич», «Ажайып жерлер» бөлүмдөрү бар, бирок ал жерден керектүү маалыматтарды алуу мүмкүн эмес. Туристтер жана саякатчылар үчүн маалыматтар заманбап жана визуалдык түрдө болушу керек. Ошондо, турист шаардын кайсы жерлерине, кантип баруу керек экендигин дароо билип алат. Бул жерде туристтик жайлардын тизмеси жана сүрөттөмөсү (дареги, байланыштары, баалары ж.б.) камтылган интерактивдүү карта актуалдуу болмок.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттер, бейөкмөт уюмдар жана изилдөөчүлөр үчүн шаардын инфраструктурасы жөнүндө маалыматтар жетишсиз —  (жолдор, тротуарлар, жашыл аянтчалар, сейил бактар, сугат тутумдары ж.б.). Башкача айтканда, шаардык инфраструктуранын абалы жөнүндө толук маалымат жок. Ошондой эле, чыгымдардын жана бюджеттик тапшырыктардын ачык-айкындуулугун көрүүгө мүмкүндүк берген каржылык маалыматтарды камтыган порталды дагы жакшыртып койсо болот. Ошондо каалаган окурман онлайн режиминде акча каражаттары кандайча жана кайда бөлүштүрүлүп жаткандыгын көрө алат.

Бизнес үчүн муниципалдык жерди кантип ижарага алуу же сатып алуу жөнүндө маалыматтар жарыяланган ыңгайлуу жана интуитивдүү бөлүм керек. 

Шаардыктар үчүн мэрия быйыл кандай иш-аракеттерди пландап жаткандыгын көрүү маанилүү. Ал үчүн инфографикалар жана иш пландары менен бөлүм түзсө болот: жолдорду оңдоо, жашылдандыруу, ирригация, коомдук транспорт ж.б.

Мындан тышкары, жарандар үчүн жашаган жерин тандап, көйгөйлөрдүн тизмесин таба турган форма иштелип чыгуу зарыл. Ошондо жаран көйгөйдү кантип чечүү керектигин жана кимге кайрылууну билип алат.

IT адисинен кошумча сунуштар

Жалпысынан, сайтты бир топ ыңгайлуу жана интуитивдүү кылып жасоого болот.

Мэриянын басма сөз кызматы маалыматтарды сайтка туруктуу жарыялап турат. Ал эми мэриянын бир жылга карата пландарына келсек, бул маалыматтар ыңгайлуу форматта бир жеге чогултулган эмес. Бул үчүн өзүнчө бөлүмдү бөлүп берүү актуалдуу болмок.

Мэриянын сайтынын аудиториясы ар кандай. Бир гана чиновниктер, мектепке чейинки курактагы балдардын жана мектеп окуучуларынын ата-энелери эмес, ошондой эле ишкерлер дагы бар. Алар үчүн пайдалуу маалыматтар, мисалы, жер тилкелери боюнча, өзүнчө бөлүм түзгөн жакшы.

Бишкек шаарынын мэриясынын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем көшөгөгө киргизип алып айткан сөзүн унутпайм

Кайын энем көшөгөгө киргизип алып айткан сөзүн унутпайм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.