Саламатсызбы! Жашым 31де. Менин суроомо жооп алып бересиз деген ойдомун. Акыркы күндөрү тез-тез ачуум келет. Себеби жок бирөөлөр менен урушкум келет. Себеп болуп калса мушташканга чейин барам. Адамдар көзүмө мага акыйтсыздык, жамандык каалап жаткандай сезилет. Мурда мындайым жок эле. Акыркы бир жыл аралыгында кыйналып кеттим. Эч кимге айта албайм, айтсам «сен жинди болдуң» же «жин оорусу менен оорудуң» деген сөздөрдөн уялам. Жадакалса келинчегиме да айталбайм. Башкаларга сыр билгизбегенге аракет кылам, бирок ичимден жинденип кыйнала берем. Эмне кылсам болот? Кайсы жака кайрылсам болот? Бул оорубу?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







