Турмушка чыгып бир ай жашадым. Той болду, эки тараптан тең акча көп кетти. Эртеси эле мурунку сүйлөшкөн кызы менен сүйлөшкөнүн байкадым. Кийинчирээк өз көзүм менен окудум. Мага жакшы мамиле жасаганы менен эч кандай сезими жок экени байкалып эле турчу.
Көптөгөн себептер менен бир ай жашап эки жолго түштүк. Күнөөнү өзүмдөн издедим. Ал болсо «жакшы көрүп кетем го дегем, бирок анте алган жокмун» деп айтты.
Москвага келип бир айдай кыйналып жүрдүм. Жумушка кирип мурда чогу иштеген байкени жолуктурдум. Ал да аялы менен 20 күн жашап, меникиндей себептер менен ажырашыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп, эчкимге айтпай чогу жашап жатабыз. Анын ата-энеси макул, меники көнбөй жатат. Эмне кылаарымды билбей жатам. Кеңеш күтөм!







