AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бир жериңизди күйгүзгөндө тиш пастасын сүйкөбөңүз! Дарыгер кеңеш берет

Бир жериңизди күйгүзгөндө тиш пастасын сүйкөбөңүз! Дарыгер кеңеш берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Денеңди күйгүзүп алуунун кандай түрлөрү болот? Дарыгерге алып барганга чейин кандай чараларды көрүү керек? Кайсыларын такыр жасаганга болбойт? Bilesinbi.kg’ге Бишкек шаарынын тез жардам борборунун реанимациялык кызматынын жетекчиси Егор Борисов айтып берди.

Денени күйгүзүп алуунун 3 түрү болот.

Термикалык –  кайнак сууга, ысык тамака, майга, же күнгө күйгөндө.

Химиялык –  химиялык затка күйгөндө. Мисалы, уксус кислотасы, щелочь жана аралашылбаган суу тек кычкылын камтыган айрым тазалоочу каражаттар.

Электрдик –  электр тогуна күйгөндө.

Биринчи жардам көрсөтүү

  • Денени күйгүзүүгө себеп болгон фактордун өзүн жокко чыгаруу зарыл.
  • Дароо сууну агызып коюп, 10-15 мүнөт кармагыла. Бул жылуулукту тартып алып күйгөн жерди муздатат, бирок суу өтө муздак болбосун.
  • Жаракат алган адамдын шакегин, саатын, куурун, жана кийимин (эгер жабышып калбаса) этияттык менен чечкиле.
  • Олазоль же Пантенол спрейин колдонгула (эгер үйдө бар болсо).
  • Күйгөн жерди ным марли, же чүпөрөк менен жаап койгула.
  • Жаракат алган адамга көбүрөөк суюктук бергенге аракет кылгыла.
  • Тынч жаткырып, ооруну басуучу (обезбаливающий) каражат бериңиз.

Күйүктүн даражасын (степень ожога) аныктоо

1-даража: тери кызарат.

2-даража: күйгөн жери шишип, ыйлакча пайда болот.

3-даража: ыйлакча жарылып, суусу агат.

4-даража: күйгөн жери карарып, сезимталдуук жоголот.

Күйгөндө эмненлерди такыр жасаганга болбойт?

  • Май, каймак, крем, тиш жууган паста, картошка, жумуртка ж.б. колдонууга такыр болбойт! Терини күйгүзүп алгандан кийинки биринчи максат — бул жаракат алган жерди муздатуу. Ал эми күйгөн жерге май, каймак сүйкөсөңөр, же картошканы койсоңор, ал теринин бетин жаап, тез муздашына тоскоол болот.
  • Тиш пастасын колдонууга такыр болбойт! Пастаны жөн эле териге сүйкөгөндө деле бир аздан кийин ачыштырып, кызартып салат. Эми ошону күйгөн жерге сүйкөгөндө эмне болорун элестетип көргүлө.
  • Муз менен да муздатканга болбойт! Себеби, теринин бети жаңы эле ысыктан жабыркады, аны кайра муз же кар менен бассаңар муздактан жаракат алат.
  • Ыйлакчаларды өз алдынча тешпегиле!
  • Катуу күйгөндө кийими жабышып калса, аны сыйрып алганга аракет кылбагыла!

Кандай учурда дарыгерге сөзсүз кайрылуу керек?

  • Эгер күйгүзүп алган жердин көлөмү жабыркаган адамдын алаканы менен өлчөгөндө 5тен көп болсо.
  • Эгер кичинекей бала же улгайып калган адам жабыркаса.
  • Эгер 3-даражадагы күйүк болсо.
  • Эгер баш, көз, мурун, ооз, дем алуу органдары жабыркаса.
  • Эгер чурай тушу (паховая область) жабыркаса.
  • Эгер эки колу же эки буту күйсө.

Кошумча маалымат

  • Адамдын алаканынын бети анын терисинин 1% барабар.
  • Дем алуу органдарын куйгүзүп алуу, дененин 30% күйгүзүп алганга барабар жана 1-даражадагы күйүк болуп саналат.
  • Эгер күйгүзүп алган жердин диаметри 5 сантиметрден чоң эмес болсо, анда тез жардам чакыруунун зарылчылыгы жок. Бирок, бары бир эртеси доктурга көрүнүү зарыл.

Этият болуңуз, балдарыңызды жана өзүңүздү күйүп калуу кокустугунан сактаңыз!

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Күйөөм кош бойлуу кылып таштап кеткен кыз экөөбүз алиментке арыз жазсак болобу?

Күйөөм кош бойлуу кылып таштап кеткен кыз экөөбүз алиментке арыз жазсак болобу?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.