Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. Бир эжеге реализатор болуп иштеп берем деп 150 миң сомго карызга баттым. Үйүнө бекер жашатчу. Мен жардам берем деп минтип карызга батырып отурат. Тапкан акчамды чогултуп ага бердим, он жети миң сомдой калганда паспортумду алып алды. Эки ай мурун паспортум керек болуп чалсам, күрөөгө коюп коюптур, каалаганыңды кыл деп койду. Үйүнөн кийимдеримди алып кетип калгам. Паспортумду кантип алсам болот?







