AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бир байке "мени сүйбөсөң

Бир байке «мени сүйбөсөң, сүйүүмдүн убалына каласың» дейт. Эмне кылсам болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Саламатсызбы! Жашым 20да. ЖОЖдун биринде 4-курста окуйм. Менин көйгөйүм мындай. Кошуна айылдан бир байке 4 жылдан бери сүйлөшөлү деп жүрөт. Мен ага эң башында эле «менден үмүт кылбаңыз, менде эч кандай сезим жок, убакыт өткөрбөстөн башка кыз менен сүйлөшүп, үйлөнүңүз» дегем. Бирок ал эч сөз укпайт, «сени сүйөм», «сени мендей эч ким сүйө албайт», «ушинте берсең сүйүүмдүн убалына каласың», «мындай сүйүүгө зар болосуң» ж.б. дейт. Жакшы сөз менен дагы, сый менен дагы айттым, бирок ал жазып чалып тажата берет. Ооба, ал мени жакшы көрөт экен, бирок ал сүйөт экен деп, мен дагы аны сүйүшүм керек эмес да. Аны урушуп дагы айттым, бирок, билбейм, ошончо сөздөн кийин дагы жаза берет. Башка толтура кыздар бар экенин, алар менен сүйлөшөрүн, курсумду көтөрүп алганымды айтат. Анда макул деп сүйүнөм. Блокко салып, бүттү деп жүрсөм кайра эле 7-8 күндөн кийин эч нерсе болбогондой жаза берет. Айткан жаман сөздөрүн унутуп уялбай чала берет. Мындайча айтканда мен бул жигитти сүйө албайм. Мүнөзүбүз деле туура келбейт, тез эле урушуп кетебиз. Андан кантип кутулсам болот? Тажап кеттим. Анан дагы менин жигитим бар. Буйруса турмуш курабыз деген ниетибиз бар. Ал байке менин жигитим бар экенин дагы билет. Бирок менин тынчымды алганды койбой жатат. 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жатын ичине салынуучу спираль тууралуу суроолорго гинекологдор жооп берет

Жатын ичине салынуучу спираль тууралуу суроолорго гинекологдор жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.