Менин үчүнчү балам 5 айлык, ден соолугу чың баары жакшы төрөлдү, бирок бир көйгөй болуп атат. Төрөлгөнүнө 15 күн болгондон кийин эле күнүнө бир жолу чычып калган. Ошентип 2-3 күндө бир чычып отуруп, азыр 4 же 5 күндө бир чычат. Кээде 3 күндө богу чайырдай болуп көтөнүнө жабышып калат, анан да жыты бир башкача сасык. Үч айга чейин ичи көөп «Эспумед» берип жүрдүм. Азыр ичи оорубайт, бирок, осуруп жел чыгарбайт, кээде ыйынып калат ичи каткан баладай. ФАПка барсак кээ бир балдар ошондой деп коюшту, чынында эле ушундай болобу? Бишкеке алып барайын десем азыр ооруга байланыштуу коркуп жатам, шартым да жок, анын үстүнө кимге көрсөтөм билбейм. Эки балам мындай болгон эмес. Жалаң эмчек сүтүм менен багам кошумча тамак бербейм. Педиатрдан кеңеш алып берип коёсуздарбы.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







