«Береке» системасынын колдонуучулары 1 млн сомго чейин акчаны заматта жөнөтө алат.
«Береке» системасынын өнөктөш-банктарынын каалаган филиалдары аркылуу акча которууларды жүргүзүү мүмкүн. Алар:
• «Айыл Банк»
• «Дос-Кредобанк»
• «Капитал Банк»
• Евразиялык аманат банк
• Кыргыз-швециялык банк
• «Кыргызкоммерцбанк»
• Инвестициялык банк «Чанг Ан»
• «Халык Банк Кыргызстан»
• «Банк Азия»
• «ФинансКредитБанк»
• «Аманбанк»
• МФК «ИНКОМ»
• АКБ «Хамкор Банк» Өзбекстан Республикасы.
Которулган акча өнөктөш-банктын кайсы бөлүмүнөн жөнөтүлгөнүнө карабастан, каалаган бөлүмдөрүнө барып алса болот.
«Береке» акча которууларынын артыкчылыктары:
- Кайда жана кайдан жөнөтүлгөнүнө карабастан, 5 мүнөттүн ичинде акча которууну алуу.
- Комиссияны акча которууну жөнөткөн адам гана төлөйт.
- Которуу кайсы бөлүмүнө жөнөтүлгөнүнө карабастан, “Айыл Банктын” каалаган бөлүмүндө алуу мүмкүнчүлүгү.
- Которуулар улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютасында жүргүзүлөт.
- Бир кардар үчүн бир айдын ичиндеги жалпы акча которууларынын өлчөмү 1 000 000 сом же башка валюталардагы эквивалентин түзөт (EURO, USD, RUB, KZT).
- Которууну алуучунун банктык эсебине же «Элкарт» төлөм картасына жиберсе болот (өнөктөш-банктардын бирөөсүнүкү болсо).
- Которуу 30 күн “Береке” системасында сакталат. Эч ким келип алып кетпесе, кайра жөнөтүүчүгө (банктын ошол эле филиалына) жөнөтүлөт.
Комиссия
Физикалык жак «Айыл Банк» аркылуу которсо — 40 сом (0,5 доллар/ евро, 100 тенге, 30 рубль болот, акча которуунун валютасына жараша), банктык эсепке которсо — 30 сом, «Элкарт» үчүн — 40 сом.
Которууну жөнөтүү үчүн төмөнкүлөр керек:
- Банктын операционисти толтурган “Которууга арыз” бланкына, алуучунун аты-жөнүн көрсөтүү менен, кол тамгасын коюу;
- Кассага которуунун суммасын киргизүү жана комиссияны төлөө;
- Оператордон которуунун кодун алуу;
- Алуучуга которуунун кодун жана суммасын билдирүү.
Кененирээк маалымат үчүн телефондор:
- 0 (312) 68-00-00
- +996 (556) 68 00 00.
«Айыл Банк» сизге жакын!







